Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XIV- сессиясы
2024-жылдын 26-июлу №14-6
Байзак айылынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары М. Молдалиеванын жана А. Аблабекованын Байзак айылында туулуп өскөн Жумгал районунун маданиятына эмгеги сиңген кызматкер Токомбаев Замирбек Дүйшеновичке Байзак айылынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү боюнча сунушун карап, талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жумгал районунун маданиятына эмгеги сиңген кызматкер Токомбаев Замирбек Дүйшеновичке Байзак айылынын “Ардактуу атуулу” наамын берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Женалиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Төрайым | Т. Т. Акматова |