Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XIV- сессиясы
2024-жылдын 26-июлу №14/7
Байзак айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин жана Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде, жергиликтүүү өз алдынча башкаруунун органдарынын өкүлдөрүнүн, коомдук уюмдардын, жарандардын жашаган жанан иштеген жеринен шайлоочулардын чогулуштарынын Байзак айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча келип түшкөн протоколдорун карап чыгып жана талкуулап Байзак айылдык кеңеши,токтом кылат:
1. Байзак айыл аймагындагы №4111, №4112, №4113, №4169 участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөткөн жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын протоколдору бекитилсин.
2. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына участкалык шайлоо комиссиялардын курамына жана резервине тизмеге ылайык талапкерлердин тиешелүү документтери сунушталсын. Тизме №1 тиркемеде
3. Сунушталган участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди бекитип берүү жагы Жумгал аймактык шайлоо кмиссиясынан суралсын .
4. Ушул токтом bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрайым | Т. Т. Акматова |