Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара–Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 27-декабры № 2/3
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2025-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын жана Кара-Гуз айылдык Кеңешинин Регламентине ылайык Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2025-жыл үчүн иш-планын айылдык кеңештин сессиясында угуп жана талкуулап Кара-Гуз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Гуз айылдык кеңешинин 2025-жылга карата 15 пунктан турган иш- планы жана 14 пунктан турган уюштуруу – массалык иштери бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | С.Ч. Абзаитов |