Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара–Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 27-декабры № 2/4
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2025-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын жана Кара-Гуз айылдык Кеңешинин Регламентине ылайык Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2025-жыл үчүн иш-планын айылдык кеңештин сессиясында угуп жана талкуулап, Кара-Гуз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Гуз айылдык кеңешинин төмөндөгү туруктуу төрт комиссияларынын:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясы.
2. Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы.
3. Регламент, депутаттык этика, мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы.
4.Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларынын 2025-жылга иш- пландары бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | С.Ч. Абзаитов |