Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара–Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 27-декабры № 2/5
Кара-Гуз айыл аймагынын Кара-Жыгач айылындагы “Ассафа” кайрымдуулук фонду тарабынан салынган ФАПка ат коюу тууралуу Кара-Жыгач айылынын элдик жыйынынын протоколун бекитип берүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл аймагынын Кара-Жыгач айылындагы “Ассафа” кайрымдуулук фонду тарабынан салынган ФАПка ат коюу тууралуу Кара-Жыгач айылынын элдик жыйынынын протоколун угуп жана талкуулап, Кара-Гуз айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 2- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Гуз айыл аймагынын Кара-Жыгач айылынын 2024-жылдын 1-августундагы жалпы элдик жыйынынын №4 протоколу бекитилсин.
2.Кара-Гуз айыл аймагынын Кара-Жыгач айылындагы “Ассафа” кайрымдуулук фонду тарабынан салынган ФАПка Пусурманкулова Пашакан Тилекеевнанын аты ыйгарылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.
Төрага | С.Ч. Абзаитов |