Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара–Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 27-декабры № 2/6
Кара-Гуз айыл аймагынын Калматай айылына республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, бүткөрүлүп жаткан спорт залга ат коюу тууралуу Калматай айылынын элдик жыйынынын протоколун бекитип берүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл аймагынын Калматай айылына республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, бүткөрүлүп жаткан спорт залга ат берүү жөнүндө Калматай айылынын элдик жыйынынын протоколун угуп жана талкуулап, Кара-Гуз айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 2- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Гуз айыл аймагынын Калматай айылына курулуп, бүткөрүлүп жаткан спорт залга маркум Матиев Маматалинин атына берүү жөнүндө Калматай айылынын 2024-жылдын 18-декабрындагы №6 протоколу бекитилсин.
2.Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.
Төрага | С.Ч. Абзаитов |