Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара–Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 27-декабры № 2/7
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4-“Кыргыз Республикасынын салык кодексин колдонууга киргизүү” жөнүндөгү мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагында ижарадагы сугат жана кайрак айдоолордун аукцион үчүн баштапкы баасын, калктуу конуштардын жерлеринин салыгын, мал башына жайыт салыгын бекитүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2025-жыл ичинде жыйналуучу салыктарын бекитүү жөнүндө кирешелер боюнча адис Адан уулу Бектин сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагындагы ижарадагы сугат жана кайрак айдоолордун аукцион үчүн баштапкы баасы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Сугат айдоо - 5000 сом
Кайрак айдоо - 1500 сом
Чөп орунду - 1000 сомго белгиленсин.
2.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесин жетекчиликке алып,Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштардын жерлери үчүн салыктын өлчөмү зоналык коэффициенти (Кз) 2 өлчөмүндө белгиленсин.
3.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагында мал башына жайыт салыгы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарда калган малдарга:
майда жандыктарга - 20 сом
ири мүйүздүү малдарга - 100 сом
жылкыларга - 100 сом
Айыл өкмөтүнүн аймагынан сыртка чыгып жайлоолоп келген малдарга:
майда жандыктарга - 10 сом
ири мүйүздүү малдарга - 50 сом
жылкыларга - 50 сом
Айыл өкмөтүнүн аймагына сырттан келген малдарга:
майда жандыктарга - 50 сом
ири мүйүздүү малдарга - 200 сом
жылкыларга - 200сомго белгиленсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.
Төрага | С.Ч. Абзаитов |