Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) III отуруму
2025-жылдын 31-январы № 08
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 01-январь айына калган калдык жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 01-январь айына калган калдык жана аткарыла турган жумуштар жөнүндөгү маселени Куршаб айылдык кеңешинин Финансы, бюджет, өнөр жай, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы менен биргеликте алдын ала карап, алардын сунуштарынын негизинде Куршаб айылдык кенешинин(сегизинчи шайланган) III кезектеги отуруму токтом кылат:
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 01-январь айына калган калдык 5682,9 сом акча каражаты төмөнкү аткарыла турган жумуштарга чыгымдалсын:
- Кара-Саадак көчөсүнүн асфальтоо жумуштарына - 2067,3 сом
- Жаныбеков көчөсүнүн асфальтоо жумуштарына - 222,2 сом
- М.Орозбаев көчөсүнүн асфальтоо жумуштарына - 652,2 сом
- Шагым таза суу ремонтто чыгымы – 470,0 сом
- ЖБ столбанын карызы – 212,5 сом
- Ленин 5, Эрматов, Эгемжаров орто мектептерин ашкана ремонтуна - 270,5 сом,
- Алтын-Ачкыч балдар бакчасынын бесеткасынын курулушуна - 304,4 сом,
- Маданият үйүнүнө отургучтарды сатып алууга өздүк салым -89,7 сом
- Милиция бөлүмчөсүнө боди камера, планшет - 300,0 сом,
2. Атайын каражаттар эсебиндеги 1094,1 сом акча каражаты төмөнкү жумуштарга чыгымдалсын:
- А.Таңгатаров атындагы мектеп гимназиясынын тамак ашына – 47,3 сом
- Балдар бакчанын ысык тамагы -- 896,8 сом
- Балдар бакчаларына товар алуу - 150,0 сом
3. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет, финансы, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Атчабаров Н. |