Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара–Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 27-декабры № 2/8
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын “Ардактуу атуулу”– деген наамын Кара-Кулжа финансы башкармалыгынын башчысынын орун басары Бапышев Калмамат Тургунбаевичке жана Беделов Тагайбек Жөжөбаевичке ыйгаруу жөнүндө
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын “Ардактуу атуулу” – деген наамын Кара-Кулжа финансы башкармалыгынын башчысынын орун басары Бапышев Калмамат Тургунбаевичке берүү жөнүндө өкмөт башчы Иса уулу Нурдиндин сунушун жана Беделов Тагайбек Жөжөбаевичке ыйгаруу жөнүндө Насирдин айылынын элдик жыйынынын протоколун угуп жана талкуулап, Кара-Гуз айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 2- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа финансы башкармалыгынын башчысынын орун басары Бапышев Калмамат Тургунбаевичке жана Беделов Тагайбек Жөжөбаевичке Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын “Ардактуу атуулу” деген наамы ыйгарылсын.
2.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын “Ардактуу атуулу” деген наамын жасоого кеткен чыгымдарды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөп берүү жагы ФЭБ башчысы К.Арзибековго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.
Төрага | С.Ч. Абзаитов |