Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) III отуруму
2025-жылдын 31-январы № 12
Жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) III кезектүү отуруму Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын №243 токтому менен жактырылган Айыл чарба жерлерин, мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү типтүү жобонун талаптарына ылайык айыл өкмөтү тарабынан сунушталган жана айылдык кенештин депутаттарынан турган комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө маселесин Куршаб айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, ветеринария, жайыт, турак жай, жер, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлерин, мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын курамына төмөнкүлөр бекитилсин:
1. Келдибаев Сактан- Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы комиссиянын курамына кызматы боюнча кирет.
2. Каримов Бекболот –айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы
3. Ташибек уулу Кенжекозу-айылдык кеңештин депутаты
4. Шерматов Кантемир- айылдык кеңештин депутаты
5. Жумаев Байыш- айылдык кеңештин депутаты
6. Эралиев Кутман- Куршаб айыл өкмөтүнүн орун басары/жоопту катчы комиссиянын катчысы
7. Тавалдиев Болот- Өзгөн райондук агрардык департаментинин өкүлү
8. Сабытбек уулу Бактыяр- жер боюнча башкы адис
9. Сазанов Мамыр- жер боюнча адис
10. Түркбаев Үрүбай- Эрдик айылынын башчысы
11. Джеенбеков Максат- Шагым айылынын башчысы
2. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин..
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, ветеринария, жайыт, турак жай, жер, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
Төрага |
| Атчабаров Н. |