Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) IV отуруму
2025-жылдын 20-марты № 13
Куршаб айыл аймагынын турак имараттары жана жайлары үчүн ставкасын бекитип берүү жөнүндө
КР Салык кодексинин 379-беренесине ылайык Куршаб айыл аймагында турак имараттары жана жайлары үчүн ставканын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндөгү Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын сунушун Куршаб айылдык кеңешинин Финансы, бюджет, өнөр жай, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы менен биргеликте алдын ала карап, алардын сунуштарынын негизинде Куршаб айылдык кенешинин(сегизинчи шайланган) IV кезексиз отуруму токтом кылат:
1. КР Салык кодексинин 379-беренесине ылайык Куршаб айыл аймагынын турак имараттары жана жайлары үчүн ставкасы 10 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет, финансы, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Атчабаров Н. |