Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара–Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 27-декабры № 2/9
Кара-Гуз айыл аймагынын Калматай айылындагы Кыз-Мазар насостук станциясын Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл аймагынын Калматай айылындагы Кыз-Мазар насостук станциясын Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдиндин сунушун талкуулап чыгып, Кара-Гуз айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Гуз айыл аймагынын Калматай айылынын элинин жалпы элдик чогулушунун чечими аткарууга алынсын.
2. Кара-Гуз айыл аймагынын Калматай айылындагы 2 228 000 (эки миллион эки жүз жыйырма сегиз миң) сомго бааланган Кыз-Мазар насостук станциясы мамлекеттик менчикке алынып, суу ресурстары кызматынын Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.
Төрага | С.Ч. Абзаитов |