Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара–Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 27-декабры № 2/10
Кара-Гуз айыл аймагынын гимнин бекитүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл аймагынын Кеңеш айылынын тургуну Сариев Аманилла Сариевичтин жана Жаңы-Талаа айылынын тургуну Каденов Токтомамат Ажимаматовичтин Кара-Гуз айыл аймагынын гимнин жазгандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдиндин сунушун талкуулап чыгып, Кара-Гуз айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Гуз айыл аймагынын Кеңеш айылынын тургуну Сариев Аманилла Сариевичтин жана Жаңы-Талаа айылынын тургуну Каденов Токтомамат Ажимаматовичтин сөздөрүнөн жазылган гимн Кара-Гуз айыл аймагынын гимни болуп бекитилсин.
2. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.
Төрага | С.Ч. Абзаитов |