Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) IV отуруму
2025-жылдын 20-марты № 15
«Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын “Тазалык” бөлүмүнүн 2025-жылга карата штаттык бирдигин, эмгек акынын өлчөмүн, жумушчулардын тамагы үчүн акча каражатын жана таштанды чыгаруунун тарифин бекитүү жөнүндө
Куршаб айылдык кенешинин IV кезексиз сессиясынын отуруму «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Эгемкуловдун “Тазалык” бөлүмүнүн 2025-жылга карата киреше, чыгаша сметасын, штаттык бирдигин, эмгек акысынын өлчөмүн, жумушчулардын тамагы үчүн акча каражатын, таштанды чыгаруунун тарифин бекитүү бекитип берүү тууралу маалыматын угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын “Тазалык” бөлүмүнүн 2025-жылга карата киреше, чыгаша сметасы штаттык бирдиги, эмгек акы төлөө өлчөмүн жана 5 жүктөөчүнүн ар биринин иш күнү үчүн тамак-ашынын өлчөмү жана Куршаб айыл аймагы боюнча таштандыны чыгаруу тарифи тиркемеге ылайык бекитилип берилсин.
2. «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын жетекчисине жумушчулардын эмгек акысынын бекитилген максималдуу өлчөмүнөн жогору эмес суммада жумушчунун жүктөө иштеринин көлөмүнө жараша (нагрузкасына) эмгек акысын белгилөөгө жана зарыл болгон учурда жалданма жумушчуларды жалдап иштетүүгө жана башка ишканалар ортосунда келишимдик кызмат көрсөтүлсө, кызмат көрсөтүү акча каражаты “Куршаб өнүгүү” муниципалдык ишканасынын бюджетинде каржыланып сарпталышына макулдук берилсин.
3.Кабыл алынган токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Эгемкуловго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет, финансы, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Атчабаров Н. |
Куршаб айылдык кенешинин
20-март 2025-жыл №15 токтому менен бекитилген тиркемеси
«Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын алдындагы “Тазалык” ишканасынын 2025-жылга карата штаттык бирдиги
№ | Кызматтын аталышы | Бирдиктин саны | Эмгек акынын өлчөмү, сом | Тамак-аш, сом | |
Минималдуу өлчөмү | Максималдуу өлчөмү |
| |||
1 | Эсепчи | 1 | 12500 | 18000 |
|
2 | Оператор | 1 | 12500 | 18000 |
|
3 | Айдоочу | 2 | 12500х2=25000 | 18000х2=36000 |
|
4 | Жүктөөчү жана кенже тейлөөчү персонал, жалданма жумушчулар | 5 | 12500х5=62500 | 18000х5=90000 | 5х200 =1000х26 |
| Жалпысы | 9 | 112500 | 162000 | 26000 |
Куршаб айыл аймагы боюнча таштандыны чыгаруу тарифи
Куршаб айыл аймагынын санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу максатында: 1. 2025-жылдын 1-февралынан тартып катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга жана көмүүгө карата төмөнкү тарифтер бекитилсин:
-ар бир кожолук үчүн айына 150 сом өлчөмүндө:
-бюджетттик мекеме уюмдарга 1 чарчы метр үчүн 30 сомдон;
-ресторан, кафе, чайкана, ашканаларга- 1 чарчы метр үчүн 25 сомдон;
-коммерциялык дүкөндөргө -1 чарчы метр үчүн 30 сомдон;
-курулуш материалдарынын калдыктары, күл чыгарууга – (ГИГАНТ)-3000 сомдон;
-полигонго таштанды менен автоунаалардын кирүүсү үчүн -1000 сомдон;
“Куршаб өнүгүү”муниципалдык
ишканасынын жетекчиси Р.Эгемкулов