Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (VIII шайланган ) жыйналышынын
2024-жылдын 27-ноябры № 1/2
Кара-Гуз айылдык кеңешинин төрагасын жана орун басарын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жана иш милдеттерин бөлүштүрүү жөнүндө
Кара-Гуз айылдык кеңешинин төрагасын жана орун басарын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын курамын жана иш милдеттерин бөлүштүрүлүшүн талкуулап, Кара-Гуз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Гуз айылдык кенешинин төрагасын жана орун басарын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын төрагасына айылдык кеңештин депутаты Абдуллаева Ирисхон Халмаматовна катчысына айылдык кеңештин депутаты Арзыкулова Орунбү Абдибалиевна мүчөсүнө айылдык кеңештин депутаты Искендер уулу Элтуран бекитилсин.
2.Эсептөө комиссиясынын төрагасына жалпы шайлоого көзөмөлдүк жүргүзүү, эсептөө комиссиясынын катчысына шайлоо бюллетендерин кол тамгаларын белгилеп таркатуу жана эсептөө комиссиясынын мүчөсүнө урнага түшкөн бюллетендерди көзөмөлдөө милдеттери бөлүштүрүлсүн.
3.Кара-Гуз айылдык кеңешинин төрагасын жана орун басарын шайлоону уюштуруу жагы эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
Жаш курагы улуу депутат | Э. Мансурова |