Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) IV отуруму
2025-жылдын 20-марты № 18
Жайыт комитетинин жайыт пайдалануу тарифин бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын 10-беренесине жана “КРнын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Куршаб айыл аймагындагы жайыт комитетинин жайыт эсебиндеги жерлерди башка максаттарга пайдалануу жана мал жандыктар үчүн жайыт пайдалануу тарифтик өлчөмүн, бекитүү жөнүндөгү маселелерди угуп, карап талкуулап чыгып Куршаб айылдык кенешинин(сегизинчи шайланган) IV кезексиз отуруму токтом кылат:
1. Куршаб айыл аймагына караштуу жайыт жерлерин пайдаланган мал багуучулардын жайыт акылары Кара малга – 200сом, Кой-эчкилерге – 50сом, Жылкыга – 300 сом, чөп орууга 1 гектарга-3000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин бюджетин көтөрүү максатында Куршаб айыл өкмөтүнүн жайыт жерлерин тактоо үчүн депутаттар менен айыл өкмөт адистери менен биргеликте комиссия курамы түзүлсүн.
3. Куршаб айыл аймагына караштуу кунарсыз жайыт жерлерине көп жылдык чөп жана эспарцет үрөндөрүн себүүгө жана аларды тосууга, корууга Куршаб айыл өкмөтүнүн бюджетинен 200 000 сом акча каражаты бөлүп берилсин.
4. Токтом мыйзам талаптарына ылайык мыйзам чегинде аткаруу жагы «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Эгемкуловго жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Атчабаров Н. |