Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) IV отуруму
2025-жылдын 20-марты № 19
«Айылдын ардактуу атуулу» деген наамдарын ыйгаруу жөнүндө
Куршаб айылдык кеңешинин 02.07.2018-жылкы ХVII кезектеги отурумунун № 77- токтомунун “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү ЖОБОсуна ылайык, Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, регламент, этика, мандат боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап Куршаб айылдык кенешинин(сегизинчи шайланган) IV кезексиз отуруму талыкпаган үзүрлүү эмгегин жана калк арасындагы абройун, аткарып жаткан иштерин баалап талкуулап, карап чыгып Куршаб айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Куршаб айылынын 1955-жылы 15-июль күнү туулган Турдубаев Момунжанга Куршаб айыл аймагынын «ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомду Куршаб айылдык Кеңешинин 02.07.2018-жылкы ХVII кезектеги отурумунун № 77- токтомунун “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү ЖОБОсуна ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Куршаб айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, регламент, этика, мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Атчабаров Н. |