КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (VIII шайланган ) жыйналышы
2024-жылдын 27-ноябры № 1/3
Кара-Гуз айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Кара-Гуз айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 27-ноябрь 2024-жылдагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Кара-Гуз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Гуз айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 27-ноябрь 2024-жылдагы №3-протоколу бекитилсин.
2.Кара-Гуз айылдык кенешинин төрагасына 9 мандаттуу Жаңы-Талаа шайлоо округунун депутаты Абзаитов Султанбек Чырмашовичтин шайлангандыгы таанылсын.
Жаш курагы улуу депутат | Э. Мансурова |