Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (VIII шайланган ) жыйналышы
2024-жылдын 27-ноябры № 1/4
Кара-Гуз айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Кара-Гуз айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча айылдык кеңештин төрагасынын сунушун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Кара-Гуз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Гуз айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 27-ноябрь 2024 -жылдагы протоколу бекитилсин.
2.Кара-Гуз айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында 8 мандаттуу №3 Кеңеш Пор шайлоо округунун депутаты Абдусатар уулу Абдукадырдын шайлангандыгы таанылсын.
3.Кара-Гуз айылдык кенешинин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталышта аткарат.
Төрага: | С.Ч. Абзаитов |