Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (VIII шайланган ) жыйналышы
2024-жылдын 27-ноябры № 1/5
2024-жылдын 20-декабрында Бишкек шаарында өтө турган кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча айыл аймагында боло турган жыйындардын графигин, жумушчу комиссиянын курамын жана жыйындарга жооптуу депутаттарды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинин 2-“Элдик Курултайдын укуктук статусу жөнүндө” бөлүгүн, Элдик Курултайды өткөрүү жана ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 16-декабрындагы №16 чечимин жетекчиликке алып Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I..Кара-Гуз айыл аймагындагы айылдардан элдик өкүлчүлүктү жыйынга катыша турган өкүлдөрдүн төмөндөгү сандык курамы бекитилсин:
1.Жаңы-Талаа айылынан --- 12 өкүл
2.Кеңеш айылынан --- 29 өкүл
3.Пор айылынан - 17 өкүл
4.Калматай айылынан - 10 өкүл
5.Жетим-Дөбө айылынан - 12 өкүл
6.Насирдин айылынан - 4 өкүл
7.Алтын-Күрөк айылынан - 4 өкүл
8.Кара-Жыгач айылынан - 12 өкүл
Жалпы 100 өкүл.
II.Кара-Гуз айыл аймагындагы айылдардан элдик өкүлчүлүктү жыйынга өкүлдөрдү көрсөтүү жана III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоолорду өткөрүүгө байланыштуу тиешелүү иш-аракеттерди камсыздоо боюнча жумушчу комиссиянын курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин (№ 1-тиркеме тиркелет).
III.Жыйындарды өткөрүүнүн графиги жана жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу депутаттар № 2-тиркемеге ылайык бекитилсин (№ 2- тиркеме тиркелет).
IV.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: | С.Ч. Абзаитов |