Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (VIII шайланган ) жыйналышы
2024-жылдын 27-ноябры № 1/6
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгач айылынын Очу уулу, Баймат уулу участкасына кетүүчү 4 км авто жолун Кара-Кулжа 26-ДЭП тин балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгач айылынын Очу уулу,Баймат уулу участкасына кетүүчү 4 км авто жолун Кара-Кулжа №26-ДЭП тин балансына өткөрүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдиндин сунушун талкуулап чыгып,Кара-Гуз айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Гуз айыл аймагынын Кара-Жыгач айылынын элинин жалпы элдик чогулушунун чечими аткарууга алынсын.
2.Кара-Гуз айыл аймагынын Кара-Жыгач айылындагы ООчу уулу, Баймат уулу участкасына кетүүчү 4 км авто жолу Кара-Кулжа №26-ДЭПтин балансына өткөрүлүп берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.
Төрага: | С.Ч. Абзаитов |