Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (VIII шайланган ) жыйналышы
2024-жылдын 27-ноябры № 1/8
Кара-Гуз айыл аймагынын Кара-Жыгач айылындагы А.Алдашов жана Н.Эргешов атындагы көчөлөрүн жарыктандыруусу үчүн түрткү берүүчү грантка өткөрүүгө өздүк салымга Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл аймагынын Кара-Жыгач айылындагы А.Алдашов жана Н.Эргешов атындагы көчөлөрүн жарыктандыруусу үчүн түрткү берүүчү грантка жазылган долбоорунун маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Гуз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жыгач айылындагы А.Алдашов жана Н.Эргешов атындагы көчөлөрүнүн жарыктандыруусу үчүн өздүк салым катары Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинен 300 000 (үч жүз миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна милдеттендирилсин.
Төрага: | С.Ч. Абзаитов |