Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (VIII шайланган ) жыйналышы
2024-жылдын 27-ноябры № 1/11
Кара-Гуз айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 157 “Улуттун наркы жөнүндө” Жарлыгын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 01-13/459 чыгуу санындагы катына ылайык Кара-Гуз айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын уставын талкуулоодо жамааттардан келип түшкөн сунуштарды эске алып Кара-Гуз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Гуз айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2.Кара-Гуз айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставы https://kara-guz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3.Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Гуз айылдык Кеңешинин катчысы У.Таалайбек уулуна милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
5.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | С.Ч. Абзаитов |