Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (VIII шайланган ) жыйналышы
2024-жылдын 27-ноябры № 1/12
Кара-Гуз айыл аймагынын Жаңы-Талаа айылына калкты тейлөө борборун куруу үчүн түрткү берүүчү грантка өткөрүүгө өздүк салымга Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл аймагынын Жаңы-Талаа айылына калкты тейлөө борборун куруу үчүн түрткү берүүчү грантка жазылган долбоорунун маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Гуз айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Талаа айылына калкты тейлөө борборун куруу үчүн өздүк салым катары Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинен 522 346 (беш жүз жыйырма эки миң үч жүз кырк алты ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна милдеттендирилсин.
Төрага: | С.Ч. Абзаитов |