Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз сегизинчи сессиясы
2024-жылдын 3-сентябры № 8/1
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жаңы-Талаа айылынан элге кызмат көрсөтүү үчүн Жаңы-Талаа участкасынын батыш жагындагы Кыз-Мазар участкасына өтүүчү көпүрөнүн чыгыш тарабынан, муниципалдык менчикке жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жаңы-Талаа айылынан элге кызмат көрсөтүү үчүн Жаңы-Талаа участкасынын батыш жагындагы Кыз-Мазар участкасына өтүүчү көпүрөнүн чыгыш тарабынан, муниципалдык менчикке жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө Айылдык Кеңештин депутаты Баридинов Эрнисттин сунушун угуп жана талкуулап Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Талаа айылынын батыш жагындагы Кыз-Мазар участкасына өтүүчү көпүрөнүн чыгыш тарабынан элге кызмат көрсөтүүгө Муниципалдык менчик үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2.Берилген жер тилкеси белгиленген мөөнөттө ишкана куруу үчүн ишке ашырылсын.Эгерде ишке ашырылбаса кайтарылып алынсын.
3.Жер участогуна болгон Мамлекеттик актысын даярдап жана Мамлекеттик каттодон өткөрүп берүү жагы Кара-Кулжа райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4.Жер участогуна болгон тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Салиевге тапшырылсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.
Төрага: | Н.И. Бөкөев |