Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз сегизинчи сессиясы
2024-жылдын 3-сентябры № 8/2
Кара-Гуз айыл аймагындагы Жетим-Дөбө айылынын Күңгөй -Тепши участкасынан Жетим-Дөбө айылынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо максатында суу кампа куруу жөнүндө
Жетим-Дөбө айылынын элдик жыйындын протоколун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Гуз айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жетим-Дөбө айылынын Күңгөй-Тепши участкасынан 0,12 га жер тилкеси суу кампа куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
2.Жер тилкесин мыйзамдаштыруу жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча башкы адиси Б.Салиевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,архитектура,курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге тапшырылсын.
Төрага: | Н.И. Бөкөев |