КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз сегизинчи сессиясы
2024-жылдын 3-сентябры № 8/3
Кара-Гуз айыл аймагындагы Жетим-Дөбө айылынын элдик жыйынынын протоколун бекитип берүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл аймагынын Жетим-Дөбө айылындагы Сай–Кечүү участкасындагы эски ФАПтын айланасындагы жана Жанболот участкасындагы кээ бир жарандардын турак үйлөрү, короо сарайларын жаан жааган учурда, сел жеп бузуп кеткен сайларды, Кара-Гуз суусунун нугун тазалап,бекемдеп бир нукка келтирүү үчүн элдик жыйындын протоколун талкуулап чыгып, Кара-Гуз айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Гуз айыл өкмөтүнө караштуу Жетим-Дөбө айылындагы Сай–Кечүү участкасындагы эски ФАПтын айланасындагы жана Жанболот участкасындагы кээ бир жарандардын турак үйлөрү,короо сарайларын жаан жааган учурда, сел жеп бузуп кеткен сайларды, Кара-Гуз суусунун нугун тазалап,бекемдеп бир нукка келтирүү максатында Жетим-Дөбө айылынын 2024-жылдын 30-августундагы №6 протоколу бекитилсин.
2.Жетим-Дөбө айылындагы жаан көп жааганда сел жеп бузуп кеткен сайларды, Кара-Гуз суусунун нугун тазалап, бекемдеп бир нукка келтирип берүү жагы Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнөн суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,архитектура,курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.
Төрага: | Н.И. Бөкөев |