Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз сегизинчи сессиясы
2024-жылдын 3-сентябры № 8/4
Кара-Гуз айыл аймагынын Кеңеш айылындагы Келечек 4 көчөсүнө ат коюу максатында Кеңеш айылынын элдик жыйынынын протоколун бекитип берүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл аймагынын Кеңеш айылындагы Келечек 4 көчөсүнө ат берүү жөнүндө Кеңеш айылынын элдик жыйынынын протоколун угуп жана талкуулап, Кара-Гуз айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 8- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Гуз айыл аймагынын Кеңеш айылынын Келечек 4 көчөсүнө билим берүүгө көп жыл эмгеги сиңген, маркум Исаков Урматбектин атына берилсин, деп атоо жөнүндө Кеңеш айылынын 2024-жылдын 20-августундагы №5 протоколу бекитилсин.
2.Кара-Гуз айыл аймагынын Кеңеш айылындагы Келечек 4 көчөсүнө маркум Исаков Урматбектин ысымы ыйгарылып, Исаков Урматбек атындагы көчө деп аталсын.
3.Кара-Гуз айылдык аймагынын Кеңеш айылынын Келечек 4 көчөсүнө Исаков Урматбекке ысымын ыйгаргандан баштап, жыл сайын ондоп, түзөө иштерин колго алуу ар кандай иш-чараларына жакындан жардам көрсөтүү жагы Исаков Урматбектин үй-бүлөөсүнө тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна милдеттендирилсин.
Төрага: | Н.И. Бөкөев |