Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз жетинчи сессиясы
2024-жылдын 29-августу №7/1
Кара-Гуз айыл аймагынын Кеңеш айылындагы жер алдынан бургулоо жолу менен сугат суу чыгаруучу беш тике суу кудукту (скважиналарды) жана Кыз-Мазар насостук станциясын Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл аймагынын Кеңеш айылындагы жер алдынан бургулоо жолу менен сугат суу чыгаруучу 5 тике суу кудукту(скважиналарды) жана Кыз-Мазар насостук станциясын Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдиндин сунушун талкуулап чыгып, Кара-Гуз айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Гуз айыл аймагынын Кеңеш айылынын элинин жалпы элдик чогулушунун чечими аткарууга алынсын.
2.Кара-Гуз айыл аймагынын Кеңеш айылындагы жер алдынан бургулоо жолу менен сугат суу чыгаруучу 5 тике суу кудук (скважиналар) жана Кыз-Мазар насостук станциясы мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилсин.
№ | Суу кудуктун техникалык паспортунун номери | Казылган жылы | Баасы (сом менен) |
1 | №7229 | 1972 | 764 323 |
2 | №21215-Д | 1991 | 575 531 |
3 | №936-Д | 1970 | 1 052 501 |
4 | №2347-Д | 1984 | 689 410 |
5 | №21216-Д | 1991 | 577 450 |
6 | Кыз-Мазар Насостук станциясы | 2017 курулган жылы | 4 347 034 |
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.
Төрага: | Н.И. Бөкөев |