Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз жетинчи сессиясы
2024-жылдын 29-августу №7/3
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ФЭБ башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Гуз айыл өкмөтүнө караштуу орто мектептерге, айыл чарбасына,аппаратка, турак жай жана комуналдык чарба боюнча 2024-жылдын бюджетинен каралган төмөндөгү статьяларга өзгөртүүлөр киргизилсин.
2.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 701-беренесинин 2214 статьясынан 311 600 сом, 701- беренесинин 2211 статьясынан 250 000 сом, 701- беренесинин 2215 статьясынан 900 000 сом, 701- беренесинин 2222 статьясынан 200 000 сом, 701-беренесинин 3111 статьясынан 272 900 сом, 707-беренесинин 2215 статьясынан 200 000 сом, 708-беренесинин 2222 статьясынан 100 000 сом, 708-беренесинин 2211 статьясынан 70 000 сом, 708-беренесинин 2215 статьясынан 150 000 сом, 709-беренесинин 2211 статьясынан 24 832 сом, 709-беренесинин 3111 статьясынан 100 000 сом, 710-беренесинин 2721 статьясынан 200 000 сом, жалпы 2 779 332 сом акча каражаты азайтылсын.
3.709- беренесинин 3112 статьясына 85 000 сом, 710 - беренесинин 2221 статьясына 22327 сом, 704- беренесинин 2215 статьясына 181 600 сом, 704- беренесинин 2215 статьясына 181 600 сом, 701- беренесинин 2111 статьясына 472 800 сом, 701- беренесинин 3112 статьясына 853 000 сом 701- беренесинин 2214 статьясына 57 246 сом, 706- беренесинин 2215 статьясына 707 359 сом, 706- беренесинин 3112 статьясына 120 000 сом, 708- беренесинин 2221 статьясына 80 000 сом, 709- беренесинин 2221 статьясына 200 000 сом, жалпы 2 779 332 сом акча каражаты көбөйтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.
Төрага: | Н.И. Бөкөев |