Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз жетинчи сессиясы
2024-жылдын 29-августу №7/4
Кара-Гуз айыл аймагынын Жетим-Дөбө айылына курула турган кичи футболдук аянтчага ат коюу тууралуу Жетим-Дөбө айылынын элдик жыйынынын протоколун бекитип берүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл аймагынын Жетим-Дөбө айылына түрткү берүүчү гранттын эсебинен кичи футболдук аянтча курууга проектин долбоорун даярдоо жана ага ат берүү жөнүндө Жетим-Дөбө айылынын элдик жыйынынын протоколун угуп жана талкуулап Кара-Гуз айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Гуз айыл аймагынын Жетим-Дөбө айылына курулуп жаткан кичи футболдук аянтчанын аты улуттук бел боо күрөшүнүн чебери маркум Эшеналиев Нурмаматтын атына берилип, Нурмамат ата футболдук аянтчасы деп атоо жөнүндө Жетим-Дөбө айылынын 2024-жылдын 1-августундагы №4 протоколу бекитилсин.
2.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жетим-Дөбө айылында дем берүүчү гранттын эсебинен курулуучу кичи футболдук аянтчага бардык керектүү документацияларын проектисин бүтүрүү жагы демилгечи топтун башчысы А.Эшеналиевге жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун-басар жооптуу катчысы К.Каденовго милдеттендирилсин.
Төрага: | Н.И. Бөкөев |