Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги алтынчы сессиясы
2024-жылдын 23-августу №6/1
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ФЭБ башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Гуз айыл өкмөтүнө караштуу орто мектептерге, айыл чарбасына, аппаратка, турак жай жана коммуналдык чарба боюнча 2024-жылдын бюджетинен каралган төмөндөгү статьяларга өзгөртүүлөр киргизилсин.
2.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 709- беренесинин 2215 статьясынан 268 000 сом, 709- беренесинин 2222 статьясынан 100 000 сом, 704-беренесинин 2215 статьясынан 600 000 сом, 706-беренесинин 2215 статьясынан 900 000 сом акча каражаты азайтылсын.
3.709- беренесинин 3112 статьясына 268 000 сом, 709 - беренесинин 3111 статьясына 100 000 сом, 706- беренесинин 3111 статьясына 1 300 000 сом жана 701- беренесинин 2215 статьясына 200 000 сом акча каражаты көбөйтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.
Төрага: | Н.И. Бөкөев |