Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги алтынчы сессиясы
2024-жылдын 23-августу №6/3
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагындагы дыйкан чарбаларды жөнгө салуу жөнүндө
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагындагы дыйкан чарбалардын документтеринин мыйзамдуулугун кароо,жерлерин тактоо жөнүндө депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кеңеш, Пор айылдарындагы дыйкан чарбалардын документтеринин мыйзамдуулугу каралсын, жерлерине тактоо жүргүзүлсүн.
2.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кеңеш, Пор айылдарындагы дыйкан чарбалардын документтеринин мыйзамдуулугу кароо, жерлерине тактоо жүргүзүү үчүн төмөндөгүдөй комиссия түзүлсүн.
Комиисиянын төрагасы- Иса уулу Нурдин айыл өкмөт башчысы
Комиссиянын катчысы - Салиев Бердибек жер адис
Комиссиянын мүчөлөрү - Бөкөев Нурланбек Илиязович А/К төрагасы
Кыдырбеков Мамажусуп Сарыкович А/К депутаты
Пусурманкулов Ысабек Матишович А/К депутаты
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.
Төрага: | Н.И. Бөкөев |