Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги алтынчы сессиясы
2024-жылдын 23-августу №6/4
Кара-Гуз айыл аймагындагы ичүүчү таза суу пайдалануучуларынын суу түтүкчөлөрүнө электр эсептегичин орнотуу жөнүндө
Кара-Гуз айыл аймагындагы ичүүчү суу пайдалануучуларынын суу түтүкчөлөрүнө милдеттүү түрдө электр эсептегичин орнотуу тууралуу депутаттардын сунушун талкуулап чыгып, Кара-Гуз айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагындагы ичүүчү суу пайдалануучуларынын суу түтүкчөлөрүнө электр эсептегичи суу пайдалануучулар тарабынан милдеттүү түрдө коюлсун.
2.Жарандар тарабынан өз короолоруна алып кирип алгандардын суу түтүкчөлөрү 15тик өлчөмдөгү суу түтүкчөлөрүнөн жогорку өлчөмдө болбоо керек.Эгерде жогору өлчөмдө боло турган болсо аны суу кызматкерлери тарабынан кыркылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.
Төрага: | Н.И. Бөкөев |