Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги алтынчы сессиясы
2024-жылдын 23-августу №6/5
Кара-Гуз айыл аймагындагы Жетим-Дөбө айылынын элдик жыйынынын протоколун бекитип берүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл аймагынын Жетим-Дөбө айылындагы Кичине-Жар, Кара-Жылга участкаларынан жаан жааган учурда, сел жеп бузуп кеткен, ички чарбалык жолдорду, өтөөндөрдү кайрадан калыбына келтирүү үчүн элдик жыйындын протоколун талкуулап чыгып, Кара-Гуз айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Гуз айыл өкмөтүнө караштуу Жетим-Дөбө айылыныдагы жаан жааган мезгилде кокту колоттордон келген сел жеп бузуп кеткен ички чарбалык жолдорду өтөөндөрдү кайрадан калыбына келтирүү максатында Жетим-Дөбө айылынын 2024-жылдын 5-августундагы №5 протоколу бекитилсин.
2.Жетим-Дөбө айылындагы жаан көп жааганда кокту колоттон келген селдин нугун буруп, сел канал казып берүү жагы Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнөн суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,архитектура,курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.
Төрага: | Н.И. Бөкөев |