Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги алтынчы сессиясы
2024-жылдын 23-августу №6/6
Кара-Гуз айыл аймагындагы “Кеңеш таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасына таштанды жыйноого техника алуу үчүн “Кеңеш таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасынын бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Кулжа райондук өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен Кара-Гуз айыл аймагындагы “Кеңеш таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасына таштанды жыйноого техника алуу үчүн “Кеңеш таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы А.Маматкайымовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Гуз айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Гуз айыл аймагындагы “Кеңеш таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасына таштанды жыйноого техника алуу үчүн өздүк салым катары “Кеңеш таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасынын бюджетинен 175 000 ( бир жүз жетимиш беш миң) сом акча каражаты Кара-Кулжа райондук өнүктүрүү фондусуна бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Кеңеш таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы А.Маматкайымовго милдеттендирилсин.
Төрага: | Н.И. Бөкөев |