Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги жыйырма сегизинчи сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры №28-4
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө айылындагы “Көтөрмө-Нур” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ата-энелеринин катышуусундагы 2024-жылдын 11-июнундагы № 2-протоколунун чечимине макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө айылындагы “Көтөрмө-Нур” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ата-энелеринин катышуусундагы 2024-жылдын 11-июнундагы № 2-протоколунун чечимине макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө айылындагы “Көтөрмө-Нур” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ата-энелеринин катышуусундагы 2024-жылдын 11-июнундагы № 2-протоколунун чечимине макулдук берилсин.
2. Көтөрмө айылындагы “Көтөрмө-Нур” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча бир тайпа ачуу боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан уруксат алууга көмөк көрсөтүү жана күз-кыш айларындагы жылуутууну, таза сууну, электр жарыгы менен камсыздоо жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, аламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай уулу Э |