Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги жыйырма сегизинчи сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры №28-4
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылынын тургуну Атанбек Назарбаевдин жеке менчигиндеги 760,0 ч.м кезерме багытындагы жер аянтын турак жай багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылынын тургуну Атанбек Назарбаевдин жеке менчигиндеги 760,0 ч.м кезерме багытындагы жер аянтынын максаттуу багытын турак жай багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылынын тургуну Атанбек Назарбаевдин жеке менчигиндеги 760,0 ч.м кезерме багытындагы жер аянтынын максаттуу багытын турак жай багытына өзгөртүүгө Ноокат районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 23-сентябрындагы №207/22-сандуу корутундусуна негиз макулдук берилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылынын тургуну Атанбек Назарбаевдин жеке менчигиндеги 760,0 ч.м кезерме багытындагы жер аянтынын максаттуу багытын турак жай багытына өзгөртүүгө тиешелүү документтерин даярдоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айылдын агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай уулу Э |