Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-марты №28
Айыл чарба департаментине тиешелүү Бар-Булак 2 участкасындагы 8,14га, сугат
айдоо, 4,80 га чоп чабынды жерди Шор-Булак 2 участкасындагы 13 контурдагы жерге алмаштыруу боюнча макулдук берүү жөнүндө.
Шор-Булак айылнын тургундарынын кайрылуусун жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
1. Айыл чарба департаментине тиешелүү Бар-Булак 2 участкасындагы 8,14га, сугат
айдоо жана 4,80 га чөп чабынды жерди Шор-Булак 2 участкасындагы 13 контурдагы жерге алмаштыруу боюнча макулдук берилсин.
2. Айыл чарба департаментине тиешелүү Бар-Булак 2 участкасындагы 8,14га, сугат
айдоо жана 4,80 га чөп чабынды жерди Шор-Булак 2 участкасындагы 13 контурдагы жерге алмаштыруу боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдетендирилсин.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 28 - токтомун
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү жагы Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага К.Бейшеев