ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жаны-Арык айылдык Кенешинин XXVIII-чакырылышынын IV-кезектеги сессиясы
2022-жылдын 8-февралы № 7/3
Атайын каражаттын кирешесинин чыгашадан ашкан суммасын беренелерге бөлүштүрүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы А.Түгөлбековдун маалыматын, айылдык Кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кенеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн 1-январь 2022-жылга атайын каражатынын кирешесинин чыгашадан ашкан 19140 сом төмөндөгүдөй беренелерге бѳлүнсүн:
“Кызарт” бала бакчасына:
2218 – статьясы боюнча – тамак-аш үчүн – 9140 мин сом
Баары: 9140 сом
“Кызарт келечеги” бала бакчасына:
2218 – статьясы боюнча – тамак-аш үчүн – 10000 мин сом
Баары: 10000 сом
Жалпысы: 19140 сом
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.Карымшаковго жүктѳлсүн.
Төрайым: | М. Акматалиева |