Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-марты №30
Бала бакчалардын ысык тамагына төлөмүн бекитип берүү жөнүндө.
_____________________________________________________________________
Бала бакчалардын ысык тамагына төлөмүн бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы А.Кыдыкованын маалыматын жана бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Талаа айылынын №13 бала бакчасынын балдарынын ысык тамагына болгон
төлөмү 1396 (бир миң үч жүз токсон алты) сом болуп бекитилсин.
2. Кара-Шаар айылынын №11 Сабира атындагы бала бакчасынын балдарынын ысык
тамагына болгон төлөмү 1300 (бир миң үч жүз) сом болуп бекитилсин.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 30 - токтомун
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү жагы Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага К.Бейшеев