Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-марты №32
Тоң районунун прокуратурасынын Улахол айылдык Кеңешинин 2025-
жылдын 26-декабрындагы №12 токтомуна каршылык билдирүүсү жөнүндө.
_____________________________________________________________________
Тоң районунун прокуратурасынын Улахол айылдык Кеңешинин 2025-
жылдын 26-декабрындагы №12 токтомуна каршылык билдирүүсү боюнча айылдык кеңештин төрагасы К.Бейшеевдин билдирүүсүн жана укук, депутаттык этика, жаштар иштери жана маданият боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 26-декабрындагы №12 токтому
Тоң районунун прокуратурасынын каршылык билдирүүсүнө ылайык жокко чыгарылсын.
2. Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 32 - токтомун
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү жагы Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага К.Бейшеев