Редакцияот 08.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Жаны-Арык айылдык Кенешинин XXVIII-чакырылышынын IV-кезектеги сессиясы

 

2022-жылдын 8-февралы № 7/4

 

Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт комитетинин кирешесинин чыгашадан ашкан суммасын беренелерге бөлүштүрүү жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы А.Түгөлбековдун маалыматын, айылдык Кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кенеши, токтом кылат:

1. Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт комитетинин 1-январь 2022-жылга кирешесинин чыгашадан ашкан 3110 сом төмөндөгүдөй бѳлүнсүн:

 

2215– статьясы боюнча – Жайыт комитетинин ар кандай чыгымдары үчүн – 3110 сом

Баары: 3110 сом

2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.Карымшаковго жүктѳлсүн.

 

 

Төрайым:

М. Акматалиева