Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-марты №34
Улахол айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө
-------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Улахол айыл аймагынын эмгек жамааттарынан, граждандык топтордон көрсөтүлүп
келген резервге талапкерлердин тизмесин карап жана талкуулап, «Кыргыз
Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине жана Кыргыз
Республикасынын Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо
комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык Улахол
айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айыл аймагынын №3238, №3239, №3240, №3241, №3242 шайлоо
участкаларынын резервине талапкерлердин тизмеси бекитилсин.
2. Ушул токтом жана талапкерлердин тизмеси Тоң аймактык шайлоо
комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Улахол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Калыков Турусбек Ашымовичке жүктөлсүн.
Төрага К.Бейшеев