Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-апрели № 191
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринде:
- 1.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
"Автомагистраль" - автотранспорт каражаттарынын ылдам жүрүшү үчүн арналган, ар бир багыт үчүн экиден кем эмес кыймыл тилкеси бар, бири-биринен бөлүүчү тилке менен ажыратылган (ал жок болсо - жолдун тосмосу менен), башка жолдор менен, темир жол же трамвай жолдор, жөө адам үчүн же велосипед үчүн жолдор менен бир деңгээлде кесилишпеген, 5.1(**) белгиси менен белгиленген, өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогору жол.
"Авариялык кырдаал" - жол кыймылынын процессинде кыймылдын катышуучуларынын аракеттери же аракетсиздиги жол-транспорт кырсыгынын келип чыгуу коркунучун жараткан кырдаал.
"Автопоезд" - чиркегич (чиркегичтер) чиркелген механикалык транспорт каражаты.
"Жол кыймылынын коопсуздугу" - жол кыймылына катышуучулардын жана мамлекеттин жол-транспорт кырсыктарынан жана алардын кесепеттеринен корголуу даражасын чагылдыруучу жол кыймылынын абалы.
"Коопсуз дистанция" - ошол эле тилкеде алдыда бара жаткан транспорт каражатына чейинки, ал күтүүсүз тормоз берген же токтогон учурда артта келе жаткан транспорт каражатынын айдоочусуна шашылыш тормоз бербестен кагылышууну болтурбоого мүмкүндүк берүүчү аралык.
"Коопсуз интервал" - жүрүп бара жаткан транспорт каражаттарынын же алар менен башка объекттердин каптал бөлүктөрүнүн арасындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуучу аралык.
"Коопсуз ылдамдык" - айдоочу транспорт каражатын коопсуз башкарууга жана конкреттүү жол шарттарында анын кыймылын контролдоого мүмкүндүк алуучу ылдамдык.
"Буксирлөө" - бир транспорт каражаты менен экинчи транспорт каражатын катуу же ийилчээк илгич менен же бир бөлүгүн платформага же атайын таяныч түзүлүшкө жүктөө ыкмасы менен сүйрөө, бул транспорттук составдарды эксплуатациялоого кирбейт.
"Велосипед" - майыптар коляскаларынан тышкары эки же андан ашык дөңгөлөгү бар жана анда отурган адамдын булчуң күчү менен кыймылга келүүчү транспорт каражаты.
"Велосипед жолу" - жол жүрүүчү бөлүктөн жана тротуардан конструкциялык жактан бөлүнгөн, велосипедчилердин жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын кыймылына арналган жана 4.4.1 белгиси менен белгиленген жолдун элементи (же өзүнчө жол).
"Велосипед зонасы" - башталышы жана аягы тиешелүү 5.33.1 жана 5.34.1 белгилери менен белгиленген, велосипедчилердин жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын кыймылына арналган аймак.
"Көрүнөөлүк" - айдоочунун ордунан жолдун элементтеринин чектерин жана кыймылдын катышуучуларынын жайгашкан жерлерин так көрүүгө мүмкүн болуучу максималдуу аралык, бул айдоочуга транспорт каражатын башкаруу учурунда коопсуз ылдамдыкты тандоо жана коопсуз маневр жасоо үчүн багыт алууга мүмкүндүк берет.
"Транспорт каражатынын ээси" - балансында транспорт каражаты бар юридикалык жак болуп саналган уюм же транспорт каражатына менчик укугу бар жеке адам.
"Айдоочу" - кандайдыр бир транспортту башкарган, жолдо жүк ташуучу, минүүчү жаныбарды же малды айдап бараткан адам. Айдоону үйрөтүп жаткан адам айдоочуга теңештирилет.
"Аргасыздан токтоо" - транспорт каражатынын техникалык жактан бузулушунан же ташылып жаткан жүк жараткан коркунучтан, айдоочунун (жүргүнчүнүн) абалынан же жолдо тоскоолдук пайда болушунан улам кыймылдын токтотулушу.
"Башкы жол" - кесип өткөн (кошулган) жолго карата 2.1, 2.3.1-2.3.7 же 5.1-белгилери менен көрсөтүлгөн жол же топурак жолго салыштырмалуу катуу кыртыштуу (асфальт- жана цемент бетон, таш материалдар жана ушул сыяктуулар) жол же жанаша жайгашкан аймактардан чыккан жолдорго карата кандай болбосун жол. Түздөн-түз кесилиштеги участоктун алдындагы экинчи даражадагы жолдун төшөлмө капталышы аны мааниси боюнча кесилишип жаткан жолго карата теңдеш кылбайт.
"Тоодогу жолдор" - жүрүүнүн коопсуздугуна таасир этүүчү техникалык мүнөздөмөлөрү менен түз жолдордон айырмаланган жолдор: деңиз деңгээлинен орчундуу бийиктиги, кыйла тик эңкейиштер, чукул радиустагы бурулуштары, серпантини, горизонталдык участоктордун кыскалыгы, бүтөлүп калуу, суу жеп кетүү, таш кулоо, кар көчкү жүрүү мүмкүндүгү, жолго жакын жарлар ж.б.; аба ырайынын шартынын тез өзгөрүшүнүн спецификасы (жаан, кар, суу ташкыны, туман ж.б.).
"Жүк ташуучу автомобиль" - конструкциясы жана жабдуулары боюнча жүктөрдү ташууга арналган автомобиль.
"Араба (чана)" - жаныбарлар чегилип кыймылга келүүчү транспорт каражаты.
"Кызмат адамдары" - өзүнө кызматтан көз каранды эмес адамдарга карата туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тескөө ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган же мындай укук берилген адамдар, мамлекеттик органдарда уюштуруу-тескөө же административдик-чарбалык функцияларды аткарган адамдарга тете.
"Жол" - транспорт каражатынын кыймылы үчүн жасалган же ыңгайлаштырылган жана пайдаланылган жер тилкеси же жасалма курулуштун үстүнкү бети. Жол өзүнө бир же бир нече жүрүүчү бөлүктөрдү, ошондой эле трамвай жолдорун, тратуарларды, жол жээгин жана алар болгон учурда аларды бөлүштүрүүчү сызыктарды камтыйт.
"Жолдогу кырдаал" - жолдун шарттары, жолдун белгилүү участогунда тоскоолдуктардын болушу, жол кыймылынын интенсивдүүлүгү жана уюштурулуш деңгээли (жол бетиндеги чийиндердин, жол белгилеринин, жол жабдууларынын, светофорлордун болушу жана алардын абалы) менен мүнөздөлүүчү факторлордун жыйындысы, айдоочу ылдамдыкты, жүрүү тилкесин жана транспорт каражатын башкаруу ыкмасын тандоодо ушуларды эске алууга тийиш.
"Жол-транспорт кырсыгы" - транспорт каражатынын жол кыймылынын процессинде жана анын катышуусу менен келип чыккан, адамдардын өлүмүнө же жарадар болушуна, транспорт каражатынын, жүктүн, курулуштун бузулушуна же материалдык зыянга алып келген окуя.
"Жол кыймылы" - жолдордун бетинде транспорт каражаттарынын жардамы менен же аларсыз адамдарды жана жүктөрдү ташуу процессинде келип чыгуучу коомдук мамилелердин жыйындысы.
"Жол шарттары" - кыймыл багытында көрүнүүнү жолдун жүрүү бөлүгүнүн абалын (тазалыгын, тегиздигин, бүдүрлүүлүгүн, кармашын), ошондой эле анын кеңдигин, түшүүлөрдөгү жана көтөрүлүүлөрдөгү эңкейиштердин чоңдугун, бурулуштарды жана тегеректөөлөрдү, тротуарлардын жана жолдун четинин, жол кыймылын уюштуруучу каражаттардын болушун жана алардын абалын мүнөздөгөн (жыл мезгилин, сутканын мезгилин, атмосфералык кубулуштарды, жолдун жарыктандыруусун эске алуу менен) факторлордун жыйындысы.
"Темир жол өткөөлү" - жолдун темир жол менен бир деңгээлде кесилишкен жери.
"Турак жай зона" - калктуу конуштагы 5.21 жана 5.22 белгилери менен белгиленген аймак.
"Жасалма курулмалар" - жолдор дарыялар, жарлар, тоо кыркалары, жолдор жана башка тоскоолдуктар менен кесилишкенде жасалуучу, кардан, кулоолордон тосуучу курулмалар. Автомобиль жолдорундагы негизги жасалма курулмалар: көпүрөлөр, кабат жолдор, тоннелдер, эстакадалар, түтүктөр, сууну агызуучу түзүлүштөр, галереялар, тирөөчү дубалдар ж.б.
"Жүрүүчү бөлүктүн чети" - белгилөө линиясы менен, ал жок болсо - жол бетинин жээги менен өткөн, ошондой эле жүрүүчү бөлүк трамвай жолу менен кошулган жерде шарттуу линия менен аныкталат. Жол бетинин жээгин, анын ичинде жол шарттары боюнча аныктоого мүмкүн эмес болсо, жүрүүчү бөлүктүн четин айдоочу өзү тапталган тилкенин чети боюнча аныктайт.
"Жүрүүчү бөлүктөгү четки абал" - транспорт каражатынын жүрүүчү бөлүктүн четинен жүрүүчү бөлүктүн ортосуна же бөлүүчү тилкеге карата абалы, бул удаалаш бараткан транспорт каражатына (анын ичинде эки дөңгөлөктүү транспорт каражатына) жүрүүчү бөлүктүн четине, жүрүүчү бөлүктүн ортосуна же бөлүүчү тилкеге андан да жакыныраак жүрүүгө мүмкүндүк бербейт.
"Жеңил автомобиль" - уруксат берилген максималдуу массасы 3500 (үч миң беш жүз) кг ашпаган, айдоочунун орундугунан тышкары отуруучу орундардын саны сегизден ашпаган, конструкциясы жана жабдылышы боюнча зарыл болгон ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыздоо менен жүргүнчүлөрдү жана алардын жүктөрүн ташууга арналган транспорт каражаты.
"Маневр жасоо" - транспорт каражатынын жүрүп башташы, токтошу, токтоп турушу, бурулушу (кайрылышы), орун которуусу, тормоз бериши жана артка жүрүшү.
"Маршруттук транспорт каражаты" - жолдор аркылуу адамдарды ташууга арналган жана белгиленген токтоочу пункттары (аялдамасы) бар белгиленген багыт боюнча жүргөн жалпы пайдалануудагы транспорт каражаты (автобус, троллейбус, трамвай, маршруттук такси).
"Механикалык транспорт каражаты" - мопедден тышкары кыймылдаткыч менен жүрүүчү транспорт каражаты. Термин ошондой эле ар кандай тракторлорго жана өзү жүрүүчү машиналарга жайылтылат.
"Түндүк" мобилдик тиркемеси - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын бөлүгү болуп саналган, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле сервистерди электрондук формада берүүнү камсыз кылуучу, анын ичинде документтерди санариптик форматта берүүчү мобилдик түзүлүштөрдө жеткиликтүү программалык камсыздоо.
"Мопед" - 50 куб. см ашпаган жумушчу көлөмүндө кыймылдаткыч менен кыймылга келүүчү жана максималдуу конструкциялык ылдамдыгы саатына 50 км ашпаган эки же үч дөңгөлөктүү транспорт каражаты. Орнотулуучу кыймылдаткычы бар велосипеддер жана ушундай мүнөздөмөсү бар башка транспорт каражаттары мопедге теңештирилет.
"Көпүрө" - дарыя, жар жана башка тоскоолдуктар аркылуу өтүүгө арналган курулма, анын чектери өткөрүүчү курулмалардын башталышы жана аягы болуп эсептелет.
"Мотоцикл" - капталында чиркегичи бар же анысы жок болгон эки дөңгөлөктүү механикалык транспорт каражаты. Жүктөлгөн абалда массасы 400 кг ашпаган үч же төрт дөңгөлөктүү механикалык транспорт каражаттары мотоциклдерге теңештирилет.
"Калктуу конуш" - курулуштары бар аймак, ага кире бериште жана андан чыккан жолдор 5.23.1, 5.23.2, 5.24.1, 5.24.2, 5.25, 5.26 белгилери менен белгиленген.
"Начар көрүнүү" - туманда, жамгыр, кар жааганда жана ушуга окшош шарттарда, ошондой эле күүгүмдө алдыдагы жолдун 300 м ары көрүнбөшү.
"Кулоо" - тик беттерден таштардын, шагылдын жана асканын чоң бөлүктөрүнүн күтүүсүз кулап түшүүсү.
"Ашып өтүү" - жүрүп бара жаткан бир же бир нече транспорт каражатын башка транспорт каражаты ээлеген тилкесинен чыгуу менен, анын ичинде каршы тилкеге чыгуу менен ашып өтүшү.
"Жолдун чети" - жолдун түздөн-түз жүрүүчү бөлүгүнө туташ, аны менен бир деңгээлдеги, бетинин капталышы боюнча айырмаланган же 1.2.1 чийиндин жардамы менен бөлүнгөн элементи. Жолдун чети транспорт каражаттарынын аялдамасы жана токтотулушу, жөө адамдардын, мопеддердин, велосипеддердин жана жекече мобилдүүлүк каражаттарынын (тротуарлар, жөө адам, велосипед жолдору жок же алар менен жүрүү мүмкүн эмес болгон учурда), арабалар (чаналар) жүрүшү үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
"Айдоого үйрөтүүчү" - билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу жана тиешелүү категориялардагы жана кичи категориялардагы транспорт каражаттарынын айдоочуларын кесиптик окутуунун негизги программаларын ишке ашыруучу уюмдун педагогикалык кызматкери.
"Айдоону үйрөнүүчү" - билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу жана тиешелүү категориялардагы жана кичи категориялардагы транспорт каражаттарынын айдоочуларын кесиптик окутуунун негизги программаларын ишке ашыруучу уюмдарда белгиленген тартипте тиешелүү кесиптик окутуудан өтүүчү адам.
"Көрүүнүн чектелиши" - бараткан багыттагы жол кыймылынын жолдун геометриялык параметрлери, жол боюндагы инженердик курулмалар, өсүмдүктөр жана башка объекттер, ошондой эле транспорт каражаттар менен чектелген көрүнүшү.
"Жүрүүдөгү кооптуулук" - жол кыймылынын процессинде пайда болуп, ошол багытта ошол ылдамдык менен жүрүүнү андан ары улантуу жол-транспорт кырсыгынын келип чыгышына коркунуч жараткан кырдаал.
"Кооптуу жүк" - касиеттерине байланыштуу ташууда адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтириши, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө зыян келтириши, материалдык баалуулуктарды бузушу же жок кылышы мүмкүн болгон заттар, алардан жасалган буюмдар, өндүрүштүк же башка чарбалык иштин калдыктары.
"Озуп өтүү" - транспорт каражатынын жанаша тилкелер боюнча удаалаш бараткан транспорт каражаттарынын ылдамдыгынан ашык ылдамдык менен жүрүшү.
"Уюшулган жөө колонна" - жол боюнча чогуу бир багытта бара жаткан, ушул Эрежелердин 4.2-пунктуна ылайык белгиленген адамдардын тобу.
"Жол кыймылын уюштуруу" - жолдордогу кыймылды башкаруу боюнча уюштуруучулук-техникалык жана тескөөчү иш-аракеттердин комплекси.
"Уюшулган транспорттук колонна" - жаркылдаган көк түстөгү же айкалышкан көк жана кызыл түстөгү атайын өчүп-күйгөн жарыгы бар эң алдыдагы транспорт каражатынын коштоосунда дайыма күйгүзүлгөн жарыктары менен бир гана тилкеде түздөн-түз биринин артынан бири бараткан үч же андан ашык механикалык транспорт каражаттарынын тобу.
"Токтоо" - транспорт каражатынын кыймылын 5 мүнөткө чейинки убакытка, ошондой эле жүргүнчүлөрдү отургузуу же түшүрүү үчүн, же транспорт каражатына жүк жүктөө же түшүрүү зарыл болгондо андан узак убакытта атайылап токтотуу.
"Көзгө чагылышуу" - көзгө жарыктын тийишинен улам айдоочу минималдуу аралыктагы жол элементтеринин тоскоолдуктарын көрүүгө же таанууга объективдүү мүмкүн болбой калган физиологиялык абал.
"Жүргүнчү" - транспорт каражатында айдоочудан башка адам, ошондой эле транспорт каражатына кирген (отурган) же транспорт каражатынан чыгып (түшүп) жаткан адам, анын ичинде айдоочунун жардамы менен атайын пандус боюнча.
"Кесилиш" - жолдор бир деңгээлде кесилишкен, кошулган же айрылышкан, боолголонгон сызыктар менен чектелип, жүрүүчү бөлүктүн бурулушунда башталышынын кесилишинин борборунан кыйла алыс тиешелүү түрдө карама-каршы жайгашкан жолду бириктирген жер. Жол боюндагы аймактардан кошулган жолдор кесилиш деп аталбайт.
"Кайра жабдуу (транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү)" - транспорт каражаты жүгүртүүгө чыгарылгандан кийин аткарылган жана жол кыймылынын коопсуздугуна таасирин тийгизген конкреттүү транспорт каражатынын конструкциясында каралган курамдык бөлүктөрдү жана жабдуулардын предметтерин алып салуу же каралбагандарды орнотуу.
"Жолдордун кесилиши" - автомобилдик жолдордун түйүнү, анда бири-бирине кошулган жолдор үзүлүп калбайт жана алардын ар бири боюнча аралап өтүү мүмкүндүгү бар.
"Башка катарга өтүү" - бараткан баштапкы багытты сактоо менен ээлеп турган тилкеден же катардан чыгуу.
"Жөө адам" - транспорт каражатынан тышкары жолдо же болбосо жөө же веложөө адамдар өтүүчү жолдо жүргөн жана анда иш жүргүзбөгөн адам. Майыптардын коляскасында бараткан, жекече мобилдүүлүк каражаттарын, велосипед, мопед, мотоцикл айдаган, чана, араба, балдар же майыптар коляскасын сүйрөгөн, ошондой эле жүрүү үчүн ролик конькилерди, самокаттарды жана башка ушул сыяктуу каражаттарды колдонгон адамдар жөө адамга теңештирилет.
"Жөө адам жолу" - 4.5.1 белгиси менен белгиленген, жөө адам жүрүшү үчүн жасалган же ыңгайлаштырылган жер тилкеси же жасалма курулманын бети.
"Жөө адам жүрүүчү зона" - башталышы жана аягы тиешелүү 5.33 жана 5.34 белгилери менен белгиленген, жөө адамдардын кыймылы үчүн арналган атайын бөлүнгөн, ыңгайлаштырылган аймак (парктар, гүл бакчалар ж.б.).
"Жөө адам жана велосипед жолу (веложөө адамдар жүрүүчү жол)" - велосипедчилердин жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын жөө адамдар менен өзүнчө же биргелешкен кыймылына арналган жана 4.5.2-4.5.7 белгилери менен белгиленген жолдун жүрүүчү бөлүгүнөн конструктивдүү бөлүнгөн элементи (же өзүнчө жол).
"Жөө адам өткөөлү" - 5.19.1, 5.19.2 белгилери жана (же) 1.14.1-1.14.3(***) чийини менен белгиленген жана жөө адамдар жолдон жөө өтүү үчүн белгиленип көрсөтүлгөн жүрүүчү бөлүктүн участогу. Чийин жок болгон учурда жөө адамдын өткөөлүнүн туурасы 5.19.1 жана 5.19.2 белгилеринин ортосундагы аралык менен аныкталат.
"Үйлөтмө коопсуздук жаздыгы" - жол-транспорт кырсыгы болгон учурда автомобилде айдоочуну жана жүргүнчүлөрдү өз ордунда сактап калуучу түзүлүш, ал дароо токтогондо баллондон же газдын генераторунан газ менен бат толтурулуучу атайын каптан турат.
"Кыймыл тилкеси" - жүрүүчү бөлүктүн узатасынан кеткен тилкелеринин ар бири, алар чийин менен белгиленет же белгиленбейт жана туурасы автомобилдердин бир катар кыймылы үчүн жетиштүү болот.
"Велосипедчилер үчүн тилке" - жүрүүчү бөлүктүн калган бөлүгүнөн горизонталдык чийин менен бөлүнгөн жана 5.14.2 белгиси менен белгиленген, велосипеддер жүрүүгө арналган жүрүүчү бөлүктүн тилкеси.
"Артыкчылык (приоритет)" - кыймылдын башка катышуучуларына караганда белгиленген багытта биринчи кезекте жүрүү укугу.
"Жүрүүгө тоскоол" - жүрүүчү бөлүктүн ошол тилкеси же жолдун бүткүл бети боюнча андан ары жүрүүнү кыйындаткан же мүмкүндүк болбогон кандай болбосун материалдык объект.
"Жанаша жайгашкан аймак" - түздөн-түз жол боюнда жайгашкан жана транспорт каражаттары кесип өтүшүнө арналбаган аймак (короолор, турак жай массивдери, автомобиль токтоп туруучу жай, МКС, ишканалар жана башкалар).
"Чиркегич" - кыймылдаткыч менен жабдылбаган жана механикалык транспорт каражатынын курамында жүрүүгө арналган транспорт каражаты. Бул термин жарым-жартылай жүктөлүүчү жана өзүнчө сүйрөлүүчү чиркегичтерге да жайылтылат.
"Жүрүүчү бөлүк" - рельси жок транспорт каражаттар жүрүшү үчүн арналган жолдун элементи.
"Аварияга каршы бурулуш" - транспорт каражатынын тормоздук түзүлүштөрү иштебей калган учурда жүрүүгө тоскоолдукту (өйдөлүштү) көбөйтүү менен мажбурлап токтотууга арналган үстү жумшак материал (кум, шагыл) менен капталган, ылдыйыштын чегинде же аягында жайгашкан жолго катарлаш туюк участок.
"Өткөөл жолдор" - башка жол (темир жол) менен кесилишкен жерде ал боюнча ар кыл деңгээлдерде жүрүүнү камсыздоочу жана башка жолго өтүүгө мүмкүндүк берүүчү, көпүрө тибиндеги инженердик курулма.
"Ажыратуучу тилке" - конструкциялык жана (же) 1.2 чийининин жардамы менен бөлүнгөн, чектеш жүрүүчү бөлүктөрдү, жүрүүчү бөлүктү бөлүп турган же болбосо маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкелерди жана (же) велосипедчилер үчүн тилкелерди бир жүрүүчү бөлүктүн чегинде калган кыймыл тилкелеринен бөлүп турган жана транспорт каражаттарынын жана жөө адамдардын кыймылы үчүн арналбаган жолдун элементи.
"Уруксат берилген максималдуу масса" - жүк, айдоочу жана жүргүнчүлөр менен жабдылган транспорт каражатынын массасы, аны максималдуу жол берилген массасы катарында даярдоочу ишкана белгилейт. Курамга кирген транспорт каражатынын уруксат берилген максималдуу массаларынын суммасы транспорт каражаттарынын курамынын, башкача айтканда бир бүтүн катары чиркелишкен жана кыймылдагы курамдын уруксат берилген максималдуу массасы катары каралат.
"Жөнгө салуучу" - тиешелүү күбөлүгү жана экипировкасы (формалык кийими же айырмалоочу белгиси - билекке таңылган тасма, таякчасы, кызыл сигналы же жарык чыгаргычы бар дискасы, кызыл фонары же желекчеси) бар ички иштер органдарынын, аскер автоинспекциясынын кызматкери, жол-эксплуатациялоо кызматынын жумушчусу, темир жол өткөөлүндөгү, паром өткөөлүндөгү кезметчи, кошуундун адамы, ички иштер органдарынын штаттан тышкаркы кызматкери.
"Рельсте жүрүүчү транспорт каражаты" - трамвай жана трамвайдын жолу менен жүрүүчү атайын жабдылган платформалар. Жол кыймылына катышкан бардык башка транспорт каражаттары рельси жок деп эсептелет.
"Коопсуздук куру" - жол-транспорт кырсыгында айдоочуну жана жүргүнчүлөрдү транспорт каражатынын ичиндеги өз орундарында кармоого арналган ийкемдүү тасма.
"Жарыкты чагылдыргыч" - жарык нурларды чагылдыргыч, ал тийген жарыктын нурларын кайтарым багытта чагылдырганы менен өзгөчөлөнөт.
"Светофор" - жол кыймылын жөнгө салууга арналган жарык менен сигнал берүүчү түзүлүш.
"Жекече мобилдүүлүк каражаты" - кыймылдаткычты (кыймылдаткычтарды) пайдалануу аркылуу адамдын жекече жүрүүсүнө арналган, бир же бир нече дөңгөлөктөрү (роликтери) бар транспорт каражаты (электр самокаттар, электр скейтборддор, гироскутерлер, сигвейлер, монодөңгөлөктөр жана башка ушул сыяктуу каражаттар).
"Токтоп туруу" - жүргүнчүлөрдү транспорт каражатына отургузуу же түшүрүү, же болбосо жүк жүктөө же түшүрүү менен байланышпаган себептер боюнча транспорт каражатынын кыймылын 5 мүнөттөн ашык убакытка атайылап токтотуу.
"Такси" - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүчү, жеке адамдарга жана юридикалык жактарга таандык, "Такси" деген таануучу белгиси бар транспорт каражаттары. "Такси" таанытуучу белгиси "Т" деген баш тамгасы жана ичинен жарык күйгүзүлгөн чакмак белгилери бар трапеция түрүндө болуп, автомобилдин үстүнө биротоло же магнит менен орнотулат. Майыптыгы бар адамдарды ташуу үчүн такси пандус жана майыптар коляскасын жайгаштыруу үчүн аянтча менен жабдылган.
"Сутканын караңгы мезгили" - кечки күүгүмдөн таңкы күүгүмгө чейинки убакыттын аралыгы.
"Тоннель" - транспорт каражаттарын, сууну ж.б. өткөрүү үчүн арналган, жер катмарынын, тоо массивинин же суу тоскоолунун астынан өтүүчү жер алдындагы инженердик курулма.
"Тормоздук жол" - шашылыш тормоз берген учурда транспорт каражаты тормоздук системанын башкаруу органына (педаль, тутка) таасир эткенден баштап ал толук токтогонго чейинки аралык.
"Транспорт каражаты" - адамдарды жана (же) жүктөрдү ташууга арналган түзүлүш.
"Тротуар" - жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын жана жүрүүчү бөлүккө кошулуп же андан газон менен бөлүнүп турган велосипедчилердин жүрүүсү үчүн арналган жана жолдун элементи.
"Көчө" - калктуу конуштун чегиндеги автомобиль жолу.
"Жол бошотуу (тоскоолдук жаратпоо)"- эгерде бул ага караганда артыкчылыгы бар кыймылдын катышуучуларынын кыймыл багытын же ылдамдыгын өзгөртүүгө мажбурлай турган болсо, жол кыймылынын катышуучусунун кыймылды баштоого, кайра баштоого же улантууга, кайсы бир маневрди жасоого болбой тургандыгын билдирген талап.
"Айдоочунун чарчоосу" - транспорт каражатын башкаруу убагындагы иштин натыйжасында көңүл коюунун азайышынан, кыймыл-аракеттин координациясы бузулушунан, уйку келүүдөн улам билинген организмдин физиологиялык абалы.
"Жол кыймылынын катышуучусу" - айдоочу, жөө адам, транспорт каражатынын жүргүнчүсү, малды айдоочу катары кыймылдын процессине түздөн-түз катышкан адам.
"Электромобиль" - электр энергиясынын көз карандысыз булагынан (аккумуляторлор, отун элементтери, конденсаторлор ж.б.) азыктандыруусу бар, ичинен күйүүчү кыймылдаткычсыз, бир же бир нече электр кыймылдаткычтары менен кыймылга келүүчү автомобиль.
"Транспорт каражатынын экологиялык коопсуздугу" - бул айлана-чөйрөгө терс таасирдин даражасын азайтуучу транспорт каражатынын касиеттери.
"Эстакада" - кесилишкен жерде бир жол экинчи жолдун үстүнөн өткөндө транспорт каражаттарынын жана (же) жөө адамдардын жүрүшү үчүн, ошондой эле бош эмес жерлерди же транспорттордун агымын айланып өтүү максатында жердин деңгээлинен жогору турган жол жасоо үчүн арналган инженердик курулма.";
- 2.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.2. Эл аралык жол кыймылына катышкан механикалык транспорт каражатынын айдоочусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
өзүндө алып жүрүүгө жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин талабы боюнча аларга ошол транспорт каражатынын каттоо документтерин жана Жол кыймылы жөнүндө конвенцияга ылайык келген айдоочулук күбөлүктү, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарында каралган, бул транспорт каражатынын убактылуу ташып киришин ырастаган бажы органдарынын белгилери коюлган документтерди текшерүү үчүн берүүгө;
бул транспорт каражатында (чиркегичи болсо - жана чиркегичинде) ал катталган мамлекеттин каттоо жана айырмалоочу белгилери болушу керек. Мамлекеттин айырмалоочу белгилери каттоо белгилерине коюлушу мүмкүн.
Эл аралык автомобиль ташууну жүзөгө ашырган айдоочу транспорт чөйрөсүндө көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын талабы боюнча атайын 7.14.2 жол белгиси менен белгиленген транспорттук контролдоо пункттарында токтотууга жана транспорт каражатын текшерүү үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган уруксаттарды жана башка документтерди көрсөтүүгө.";
- 2.3.3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.3.3. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин талабы боюнча алкоголдук, баңги же башка мас абалын медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө.
Белгиленген учурларда ушул Эрежелерди жана айдоо көндүмдөрүн билүү жагынан текшерүүдөн өтүүгө, ошондой эле транспорт каражатын башкарууга жөндөмдүүлүгүн ырастоо үчүн медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө.";
- 2.3.4-пункттун үчүнчү абзацында "мамлекеттик коопсуздук органдарынын кызматкерлерине, кошуундарга жана милициянын штаттан тышкаркы кызматкерлерине" деген сөздөр "жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2.5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.5. "Майып" деген таануу белгиси менен белгиленген жана "Майып" 8-пунктунун "Негизги жоболоруна" жана мотоколяскаларга ылайык майыптыктын белгиленгендигин ырастаган документи (көчүрмөсү же санарип форматында) бар автомобилдерди башкарган майып айдоочулар 3.2; 3.3; 3.28 белгилеринин талаптарынан четтей алышат, 3.27 белгисинин аракеттенүү зонасында 8.18 тактачасы бар болсо токтотууга уруксат берилет.";
- 2.8-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Эрежелердин 21-бөлүмүнө ылайык айдоону үйрөнгөндөн башка учурларда, транспорт каражатын башкарууну мас абалдагы, дары препараттарынын таасири астындагы, ооруксунган же чарчаган абалдагы адамдарга, ошондой эле жанында транспорт каражатын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүгү же санарип документи болбогон адамдарга берүүгө;";
- 3.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3.1. Ыкчам жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарынын айдоочулары кечиктирилгис кызматтык тапшырманы аткаруу менен көк түстөгү жаркылдоочу маягы күйгүзүлүп, кыймылдын коопсуздугун камсыз кылган шартта ушул Эрежелердин 2.8-пунктунун тогузунчу абзацынын (колду колдонбостон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү техникалык түзүлүш менен жабдылбаган телефонду кыймыл убагында колдонуу), 6-бөлүмүнүн (жөнгө салуучунун сигналдарынан тышкары), 8-18-пункттарынын, ушул Эрежелердин 1 жана 2-тиркемелеринин талаптарынан четтей алат.";
- 3.3-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3.3. Көк жана (же) кызыл түстөгү жаркылдоочу маягы жана атайын үн сигналы күйүп турган транспорт каражаттары жакындаганда айдоочулар фаралардын жакынкы жарыгы күйгүзүлүшү керек болгон ушул жана аларды коштогон башка транспорт каражаттарынын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылуу үчүн жол бошотууга, ал эми зарыл болгон учурда токтоого милдеттүү. Көк жана (же) кызыл түстөгү жаркылдак маяктары күйгөн колоннаны жапкан транспорт каражаты өткөндөн кийин гана кыймылды кайра баштоого уруксат берилет.";
- 3.5-пункттун экинчи абзацында "оор салмактагы жүктөрдү, жарылгыч, тез от алуучу, радиоактивдүү жана коркунучтуулук даражасы жогору уулуу заттарды" деген сөздөр "ири габариттүү, оор салмактагы жана кооптуу жүктөрдү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4.1-пунктта:
экинчи абзац "велосипедчендерге" деген сөздөн кийин "жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдарга" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзац "велосипед тээп" деген сөздөрдөн кийин ", жекече мобилдүүлүк каражаты менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4.3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.3. Жөө адамдар жолду жөө адамдар өтүүчү, анын ичинде жер астындагы жана жер үстүндөгү өткөөлдөр боюнча, ал эми алар жок болгон учурда - тротуарлардын же жол жээктеринин сызыгы боюнча кесилиштерде жолдон өтүүгө тийиш.
Жөнгө салынуучу кесилиште жолдун кесилишинин карама-каршы бурчтарынын ортосунда (диагональ боюнча) ушундай жөө адамдар өтүүчү өткөөлдү билдирген 1.14.3 белгиси болгондо гана өтүүгө жол берилет.
Көзгө көрүнгөн зонада өткөөл же кесилиш жок болгон учурда эки тарапка тең жакшы көрүнгөн бөлүүчү тилкеси жана тосмосу жок участоктордо жолду жүрүүчү бөлүктүн четине карай тик бурч менен өтүүгө уруксат берилет.
Ушул пункттун талаптары велосипед зоналарына жайылтылбайт.";
- 5.3-пунктта:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"транспорт каражаты жүрүп бара жаткан учурда анын эшиктерин ачууга, ошондой эле терезе тешиктеринен жана люктарынан чыгып турууга;";
жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мотоциклде, мопедде мотоцикл шлемин курчанбоого же ансыз болууга;";
- 6.3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кошумча секциядагы жашыл жебе да ушундай мааниге ээ. Кошумча секцияда өчүрүлгөн сигнал же анын контуру боюнча күйгүзүлгөн кызыл жарык сигналы бул секция менен жөнгө салынган багытта кыймылга тыюу салынгандыгын билдирет.";
- 6.4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Светофордун астында жайгашкан жөө адамдын силуэти жана ак-ай түсүндө жаркылдаган сигналы бар жебе түрүндөгү маалыматтык жарык секциясы айдоочуга ал бурулуп жаткан багытта жөө адамдар өтүүчү өткөөлдө жөө адамдардын жүрүүсүнө уруксат берүүчү светофор сигналы күйгүзүлгөнүн билдирет. Жебенин багыты жөө адамдардын жүрүүсүнө уруксат берүүчү светофор сигналы күйгүзүлгөн жөө адамдар өтүүчү жолду көрсөтөт.";
- 6.5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6.5. Эгерде светофордун сигналы жөө адамдын силуэти түрүндө болсо, анда анын аракети жөө адамдарга гана тиешелүү (алдынкы жекече мобилдүүлүк каражаттары, велосипед алып жүрүүчү). Эгерде светофордун сигналы велосипед түрүндө аткарылса, анда анын аракети велосипедчилерге же жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон жана велосипед тилкесинде жүргөн адамдарга жайылтылат.
Велосипедчилердин жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын кыймылын жөнгө салуу үчүн, ошондой эле кара түстөгү велосипедди чагылдырган 200х200 мм өлчөмүндөгү тик бурчтуу ак түстөгү тактайчалар менен толукталган, кичирейтилген өлчөмдөгү тегерек сигналдары бар светофор колдонулушу мүмкүн.";
- 8.3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8.3. Жанаша жайгашкан аймактан жолго чыкканда айдоочу транспорт каражаттарына, жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдарга жана ал аркылуу өтүп бара жаткан жөө адамдарга, ал эми жолдон чыгып баратканда жөө адамдарга, велосипедчилерге жана жүрүү үчүн кыймыл жолу кесип өткөн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдарга жол бошотууга тийиш.";
- 9.9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9.9. Механикалык транспорт каражаттарын бөлүүчү тилкелер жана жол жээктери, тротуарлар жана жөө адамдар өтүүчү жолдор менен велосипедчилер үчүн тилкелер боюнча жүрүүгө тыюу салынат (ушул Эрежелердин 12.1, 24.2-24.4, 24.7, 25.2-пункттарында каралган учурларды кошпогондо).
Жол-эксплуатациялык жана коммуналдык кызматтардын машиналарынын кыймылына жол берилет.";
- 11.5-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жөө адамдар өтүүчү өткөөлдөрдө;";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"көпүрөлөрдө, өтмөктөрдө, эстакадаларда жана анын астында, ошондой эле туннелдерде.";
- 12.2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жүрүүчү бөлүк менен чектешкен тротуардын четине унаа токтотууга (токтотуп турууга) бул жөө адамдардын кыймылына тоскоол болбогон шартта жеңил автомобилдерге, мотоциклдерге, мопеддерге, велосипеддерге жана жекече мобилдүүлүк каражаттарына гана уруксат берилет.";
- 13.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13.1. Оңго же солго бурулганда айдоочу өзү бурулуп жаткан жолдун жүрүүчү бөлүгүнөн өтүп бара жаткан жөө адамдарга, ошондой эле велосипедчилерге жана жүрүү үчүн велосипед жолу менен кесип өтүп бара жаткан жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдарга жол берүүгө милдеттүү.";
- 16.1-пункттун экинчи абзацында "велосипеддердин" деген сөздөн кийин "жекече мобилдүүлүк каражаттарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 19.1-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"бардык механикалык транспорт каражаттарында жана мопеддерде - алыскы же жакынкы жарык фаралары, велосипеддерде жана жекече мобилдүүлүк каражаттарында - фаралар же фонарлар, арабаларда - фонарлар (эгер алар бар болсо);
чиркегичтерде - габариттик оттор.";
- 19.5-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мотоциклдерде, мопеддерде жана жекече мобилдүүлүк каражаттарында;";
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ири габариттүү, оор салмактуу жана кооптуу жүктөрдү ташууда;";
- 22.8-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"автомобилдин кабинасынан тышкары (адамдарды борттук платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда же фургон кузовунда ташуудан башка учурларда), трактордун, башка өзү жүрүүчү машиналардын, жүк чиркегичинде, чиркегич дачада, жүк трициклинин, мотоциклдин, мопеддин кузовунда отуруу үчүн конструкцияда каралган орундардан тышкары;";
үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 24-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Велосипеддердин, мопеддердин айдоочуларынын, жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын кыймылына кошумча талаптар
24.1. 14 жаштан жогору курактагы велосипедчилердин жана 14 жаштан жогору курактагы жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын кыймылы велосипед жолдорунда, веложөө адамдар жолдорунда, велосипед зонанын жүрүүчү бөлүгүндө же велосипедчилер үчүн тилкеде жүргүзүлүүгө тийиш.
24.2. 14 жаштан жогору курактагы велосипедчилерге төмөнкүлөргө уруксат берилет:
жүрүүчү бөлүктүн оң чети боюнча - төмөнкү учурларда:
велосипед жана веложөө адамдар, велосипедчилер үчүн тилке жок болсо же алар менен жүрүүгө мүмкүн болбосо;
велосипеддин, ага чиркегичтин же ташылып бара жаткан жүктүн габариттик туурасы 1 метрден ашса;
велосипедчилердин кыймылы колонналарда жүргүзүлөт;
жол жээгинде - велосипед жана веложөө адамдар жолу жок болгон учурда, велосипедчилер үчүн тилке же анда жүрүүгө же жүрүүчү бөлүктүн оң чети менен жүрүүгө мүмкүн болбосо;
тротуарда же жөө адамдар өтүүчү жолдо - төмөнкү учурларда:
велосипед жана веложөө адамдар жолу, велосипедчилер үчүн тилке жок болсо же анда, ошондой эле жүрүүчү бөлүктүн оң четинде же жээк менен жүрүү мүмкүн болбосо.
24.3. Жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон 14 жаштан жогору курактагы адамдардын кыймылына төмөнкүлөрдө уруксат берилет:
жөө адамдар зонасында - эгерде жекече мобилдүүлүк каражатынын массасы 35 кг ашпаса;
тротуарда, жөө адамдар өтүүчү жолдо - эгерде жекече мобилдүүлүк каражатынын массасы 35 кг ашпаса жана төмөнкү шарттардын бири сакталса:
велосипед жана веложөө адамдар жолу, велосипедчилер үчүн тилке жок болсо же анда жүрүүгө мүмкүн болбосо;
жол жээгинде - велосипед жана веложөө адамдар жолу, велосипедчилер үчүн тилке, тротуар, жөө адамдар үчүн жол жок болсо же анда жүрүүгө мүмкүн болбосо;
төмөнкү шарттар бир убакта аткарылса, жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн оң чети боюнча:
велосипед жана вело жөө адамдар жолу, велосипедчилер үчүн тилке, тротуар, жөө адамдар өтүүчү жол, жол жээги жок болсо же анда жүрүүгө мүмкүн болбосо; жекече мобилдүүлүк каражаты тормоз системасы, үн сигналы, алды жагында ак түстөгү, капталдарында кызгылт сары же кызыл түстөгү, арт жагында кызыл түстөгү жарык чагылдыргычтар, алды жагында ак түстөгү фара (чырак) менен жабдылган болсо.
24.4. 7 жаштан 14 жашка чейинки курактагы велосипедчилердин жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын кыймылы тротуарларда, жөө адамдар, велосипед жана веложөө адамдар жолунда, ошондой эле жөө адамдар өтүүчү зонада гана жүргүзүлүшү керек. 7 жаштан 14 жашка чейинки курактагы велосипедчилердин жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын кыймылы шлем болгондо ишке ашырылышы керек.
24.5. 7 жаштан төмөн курактагы велосипедчилердин жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын тротуарларда, жөө адамдар жана веложөө адамдар жолунда (жөө адамдар өтүүчү тарапта), ошондой эле жөө адамдар зонасынын чегинде гана жүргүзүлүшү керек.
7 жаштан төмөн курактагы жүрүү үчүн велосипедди жана жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон балдардын кыймылы чоң кишилердин коштоосунда жана шлем болгондо гана жүргүзүлүшү керек.
24.6. Велосипедчилерге жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгондорго жүрүүчү бөлүктүн оң чети боюнча бир катарда гана жүрүүгө уруксат берилет.
Велосипедчилердин колоннасынын эки катар жүрүүсүнө, эгерде велосипеддердин габариттик туурасы 0,75 метрден ашпаса жол берилет, мында велосипедчилердин колоннасы 10 жуптан турган топторго бөлүнүшү керек. Ашып өтүүнү жеңилдетүү үчүн топтордун ортосундагы аралык 80-100 м түзүүгө тийиш.
24.7. Жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын кыймылына 25 км/сааттан ашпаган ылдамдык менен уруксат берилет.
Эгерде тротуарда, жөө адамдар өтүүчү жолдо, жолдун четинде же жөө адамдар зонасынын чегинде (жөө адамдар зонасындагы велосипед жолдорун кошо алганда) баратканда велосипедчинин же жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдын кыймылы жөө адамдардын кыймылына коркунуч туудурса же тоскоолдук жаратса, жөө адамдардын ылдамдыгына же шашып баратканга чейин ылдамдыкты азайтууга тийиш.
Велосипедчилердин жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын жөө адамдар менен айкалышкан кыймылынын бардык учурларында жөө адамдар велосипедчилерге жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдарга жол берүүгө тийиш.
24.8. Велосипедчи же жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адам тарабынан кесилиштен тышкары жерде жүрүүчү бөлүктү кесип өткөндө аталган адамдар жол кыймылынын анда бара жаткан башка катышуучуларына жол бошотууга милдеттүү.
24.9. Мопедди башкаруу укугу он алты жаш куракка толгон адамдарга берилет.
Мопеддердин айдоочулары жолдун оң четинде бир катар менен жүрүшү керек.
Мопеддин айдоочуларына велосипед жолунда, жолдун четинде, тротуарларда же жөө адамдар жүрүүчү жолдо жүрүүгө тыюу салынат.
24.10. Велосипедчилерге, жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдарга жана мопеддердин айдоочуларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
велосипедди, мопедди жана жекече мобилдүүлүк каражатын (эгерде руль болсо) рулду жок дегенде бир колу менен кармабастан айдоого;
габариттин же жүктөрдүн узундугу же туурасы 0,5 мден ашык башкарууга тоскоол болгон жүктөрдү ташууга;
эгерде бул велосипеддин же жекече мобилдүүлүк каражатынын жабдуусунда же конструкциясында каралбаса, жүргүнчүлөрдү ташууга;
трамвай кыймылы бар жолдордо жана ушул багытта жүрүү үчүн бирден ашык тилкеси бар жолдордо солго бурулуу же кайрылуу (оң тилкеден солго бурулууга уруксат берилген учурларды кошпогондо, велосипед зонасында жайгашкан жолдордон тышкары);
транспорт каражатын айдап бара жатып (велосипед, жекече мобилдүүлүк каражаттары жана мопед) жөө адамдар өтүүчү өткөөлдөн жолдун жүрүүчү бөлүгүн кесип өтүүгө.
24.11. Велосипед, мопед же жекече мобилдүүлүк каражаттары менен эксплуатациялоого арналган чиркегичти тиешелүү түрдө велосипед, мопед же жекече мобилдүүлүк каражаттары менен сүйрөтүүдөн тышкары, велосипеддерди, жекече мобилдүүлүк каражаттарын жана мопеддерди сүйрөтүүгө, ошондой эле велосипед, жекече мобилдүүлүк каражаттары жана мопеддер менен сүйрөтүүгө тыюу салынат.
24.12. Сутканын караңгы мезгилинде же көрүнүү жетишсиз шарттардагы кыймыл учурунда велосипедчилерге, жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдарга жана мопеддердин айдоочуларына жарыкты чагылдыруучу элементтери бар предметтерди өзү менен алып жүрүү жана башка транспорт каражаттарынын айдоочулары тарабынан бул предметтердин көрүнүп турушун камсыз кылуу сунушталат.
24.13. Велосипеддик зонада:
Велосипедчилер жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдар механикалык транспорт каражаттарынан артыкчылыкка ээ, ошондой эле ушул Эрежелердин 9.1(1)-9.3 жана 9.6-9.12-пункттарынын талаптарын сактоо менен ушул багытта жүрүүгө арналган жүрүүчү бөлүктүн бардык туурасы боюнча жүрө алат;
жөө адамдарга ушул Эрежелердин 4.4-4.7-пункттарынын талаптары сакталган шартта каалаган жерден жүрүүчү бөлүктөн өтүүгө уруксат берилет.";
- Эрежелер төмөнкүдөй мазмундагы 25-глава менен толукталсын:
"25. Арабалардын кыймылына, ошондой эле жаныбарларды айдоого кошумча талаптар
25.1. Арабаны (чананы) башкарууга, жүк ташуучу, минүүчү жаныбарларды же үйүрлөрдү жол кыймылында айдоого 14 жаштан жогору адамдарга жол берилет.
25.2. Арабалар (чана), минүүчү жана жүк ташуучу жаныбарлар бир гана катарда, оң тарапка ылайыктап жүрүүгө тийиш. Эгерде бул жөө адамдарга тоскоолдук жаратпаса, жолдун жээги менен жүрүүгө жол берилет.
Арабалардын (чаналардын), жүк ташуучу жана минүүчү жаныбарлардын колонналары жолдун жүрүүчү бөлүгү менен жүрүүдө 10 минүүчү жана жүк ташуучу жаныбарлардан жана 5 арабадан (чаналардан) турган топторго бөлүнүшү керек. Ашып өтүүнү жеңилдетүү үчүн топтордун ортосундагы аралык 80-100 м болушу керек.
25.3. Арабанын (чананын) айдоочусу жанаша аймактан же экинчи даражадагы жолдон чыгып баратканда көрүнүшү чектелген жерлерде жаныбардын тизгинин тартууга тийиш.
25.4. Жаныбарларды жол боюнда, эреже катары күндүзгү убакта айдап чыгуу керек. Аларды жергиликтүү маанидеги жолдордон башка автомобиль жолдорунда жана газондордо жаюуга тыюу салынат. Мал айдоочулар жаныбарларды мүмкүн болушунча жолдун оң четине жакын айдоого тийиш.
25.5. Жаныбарларды темир жол аркылуу айдап өтүүдө үйүр мал айдоочулардын санын эсепке алуу менен ар бир топтун коопсуз өтүүсү камсыз кылынгандай сандагы топторго бөлүү керек.
25.6. Арабаларды (чаналарды), жүк ташуучу, минүүчү жаныбарларды жана малды айдоочуларга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
жолдо жаныбарларды көзөмөлсүз калтырууга;
жаныбарларды темир жолдор жана атайын бөлүнгөн жерлерден тышкары жолдор аркылуу, ошондой эле сутканын караңгы мезгилинде жана көрүү начар шарттарда айдоого (ар кандай деңгээлдеги мал айдоодон тышкары);
башка жолдор бар болсо, асфальт жана цемент-бетон төшөлгөн жолдор менен жаныбарларды алып жүрүүгө;
арабаны (чананы) арабадан бир метрден ашпаган аралыкта кыймылдын жүрүшү боюнча оң жагына арабага чегилбеген бош жаныбарды байлабастан айдап жүрүүгө.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |