Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги жыйырма сегизинчи сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры №28-9
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кара-Кой айылынын Эчки-Атар калктуу конушунун көчөсүнө ат коюу жөнүндө 2024-жылдын 30-августундагы жалпы чогулушунун № 6-протоколунун чечимине макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кара-Кой айылынын Эчки-Атар калктуу конушунун көчөсүнө ат коюу жөнүндө 2024-жылдын 30-августундагы жалпы чогулушунун №6-протоколунун чечимине макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кара-Кой айылынын Эчки-Атар калктуу конушунун көчөсүнө ат коюу жөнүндө 2024-жылдын 30-августундагы жалпы чогулушунун № 6-протоколунун чечимине макулдук берилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кара-Кой айылынын Орозбаев Апсатар атындагы көчөнүн бүткөн жерден тартып Кара-Кой эс алуучу жайлоого кеткен Курактектир калктуу конушуна чейинки чоң жолго Улуу Ата Мекендик согушунун тылында эмгектенген, эмгектин ардагери Матиев Малик атындагы көчө деп аталсын.
3. Тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай уулу Э |