Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жаны-Арык айылдык Кенешинин XXVIII-чакырылышынын IV-кезектеги сессиясы
2022-жылдын 8-февралы № 7/5
Менчик автоунааны кызматтык автоунаа катары пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18.06.2006-жылдагы №672 токтомун жетекчиликке алып, Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасы жок болгондугуна байланыштуу, Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковдун менчик 05 KG 559 ABM мамлекеттик номериндеги LAND CRUISER PRADO маркасындагы автоунаасын кызматтык автоунаа катары пайдалануу жөнүндө кайрылуусун карап жана айылдык кене6штин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасы жок болгондугуна байланыштуу, Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковдун менчик 05 KG 559 ABM мамлекеттик номериндеги LAND CRUISER PRADO маркасындагы автоунаасы кызматтык автоунаа катары пайдаланылсын;
2. Менчик автоунаа ээси Т.Карымшаковго КР Өкмөтүнүн 18.06.2006-жылдагы №672 токтомунда көрсөтүлгөн шартта келишимдин негизинде компенсация төлөп берүү жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Түгөлбековго тапшырылсын;
3. Жаны-Арык айылдык кенешинин 6-июль 2021-жылдагы №3/4 токтому күчүн жоготту деп табылсын;
Төрайым: | М. Акматалиева |