Редакцияот 08.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Жаны-Арык айылдык Кенешинин XXVIII-чакырылышынын IV-кезектеги сессиясы

 

2022-жылдын 8-февралы № 7/6

 

Жаны-Арык айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Жумгал өнүктүрүү фондуна сунушталуучу долбоорлорду колдоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенеши, токтом кылат:

1. Жаны-Арык айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Жумгал өнүктүрүү фондуна сунушталып жаткан төмөндөгү долбоорлор колдоого алынсын:

1) «Базар-Турук БДРин куруу боюнча сметасын жана проектисин даярдоо боюнча сунушталган долбоор», өздүк салымы 684,0 миң сом;

2) «Кичи футболдук аянтчасын куруу боюнча долбоор», өздүк салымы 450,0 миң сом;

3) «Погрузчик атайын техникасын сатып алуу боюнча долбоор», өздүк салымы 900,0 миң сом.

2. Бул сунушталган долбоорлордун өздүк салымы үчүн акча каражаты жергиликтүү бюджеттин 2021-жылдагы кирешеден ашкан суммасынан каралгандыгы белгиленсин;

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго милдеттендирилсин.

 

 

Төрайым:

М. Акматалиева