Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-февралы № 22
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата эркин калдыктарды пайдалануу жөнүндө .
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата эркин калдыктарды пайдалануу жөнүндө маселени карап чыгып, жергиликтүү кенешинин 1-чакырылышынын № 3-сессиясы токтом кылат:
1.Жаргылчак айыл өкмөтүнүн 01.01.2025-жылга жергиликтүү бюджеттин эсебинде калган 8726,2 (сегиз миллион жети жүз жыйырма алты миң эки жүз) сом, атайын каражатынын бала бакчанын эсебинде 436,2 ( төрт жүз отуз алты миң эки жүз) сом атайын каражатынын аппараттын эсебинде 10,88( он сом 88) калгандыгына байланыштуу 2025-жылга ЖКХ 70629 бөлүмүнө 2 363(эки миллион үч жүз алтымыш үч) сом акча каражаты, мектептин 70921 бөлүмүнө 3 197,300( үч миллион токсон жети миң үч жүз) сом каражаты, аппараттын 70111 бөлүмүнө 496,0 (төрт жүз токсон алты миң) сом акча каражаты, клубдун 70823 бөлүмүнө 457,4 (төрт жүз элүү жети миң төрт жүз) сом акча каражаты, жайыттын 70921 бөлүмүнө 2084,0 (эки миллион сексен төрт миң) сом акча каражаты, садиктин 70911 бөлүмүнө 128,5 (жүз жыйырма сегиз миң беш жүз) сом акча каражаты коюлсун. Атайын каражатынын 436,5 (жүз отуз алты миң беш жүз) сом акча калдыгы бала бакчанын тамак ашын алууга, аппараттын атайын каражатынын 10,088 (он сом 088) ар кандай иштерге пайдалансын.
Төрага Т.К.Баякунов