Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-февралы №23
2025-жылга Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү, 2026-2027-жылдарга бюджеттин долбоорун жана 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө.
2025-жылга Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү, 2026-2027-жылга долбоорун жана 2024-жылдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө Жаргылчак айыл өкмөтүнүн финансы-экономика, социалдык бөлүмүнүн башчысы Г.Ө. Алышбаеванын билдирүүсүн угуп жана жергиликтүү кенештин финансы бюджет боюнча туруктуу комиссиясы менен талкуулап Жаргылчак айыл кенешинин 1- чакырылышынын № 3-сессиясы токтом кылат:
1. Жаргылчак айыл өкмөтүнүн финансы-эканомика, социалдык бөлүмүнүн башчысы Г.Алышбаеванын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин аткарылышынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрилиги тарабынан 2025-жылга берилген долбоорлорду талкуулап, айыл өкмөтүнүн расчетторунун негизинде жалпы киреше бөлүгү 77571,3 мин сом өлчөмүндө № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 2025-жылга Жарылчак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер 77571,3 мин сом жана чыгымдар 77571,3мин сом көлөмүндө №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Айыл өкмөтүнүн атайын каражаттары кирешелери 77571,3 мин сом жана чыгымдар 77571,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. 2026-жылга бюджеттик долбоору №3 тиркемеге ылайык 82876,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. 2027-жылга бюджеттик долбоору №3 тиркемеге ылайык 92361,5 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Жергиликтүү бюджетке 2025-жылга жайыт акысынан келип түшүүчү киреше жана чыгашалар № 4 тиркемеге ылайык 600 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8.Айыл өкмөтүнүн аппартынын кызматерлеринин 43 штат бирдиги 11834,6 мин сом айлык акы 1677,1 мин сом соц. фондусу менен бекитилсин.
9. Айылдык кенештин төрагасына бир жолку толонүчүү жөлөк пул эмгек акысы жыл ичинде өткөргөнон сессияга сом жана соц.фондго 1 121 сом өлчөмүндөжана айылдык кенештин жоопту катчы жылдык эмгек акысы 500320 мин сомдон, соц фондусу 63231 мин сомдон бекитилсин.
10.Айыл аймагына тиешелүү «Сезим» мектепке чеийинки билим берүү уюмана ата-энелерден балдардын тамак ашына 2025-жылга бала бакчанын атайын каражатынын киреше жана чыгаша бөлүгү944,0 миң сом, «Иса кызы Ишенбүбү» мектепке чеийинки билим берүү уюмана ата-энелерден балдардын тамак ашына 2025-жылга бала бакчанын атайын каражатынын киреше жана чыгаша бөлүгү 1029,0 мищ сом, «Алтын-Уя» мектепке чеийинки билим берүү уюмана ата-энелерден балдардын тамак ашына 2025-жылга бала бакчанын атайын каражатынын киреше жана чыгаша бөлүгү 1200,0 мищ сом, өлчөмүндө бекитилсин.
11.Айыл өкмөтүндө убактылуу эмгек келишим менен иштеген төрт кызматкер жана сатып алуулар боюнча келишимдин негизинде бир кызматкерге 346800 мин сом баардыгы-1734,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин
12.Жергиликтүү бюджеттен 2025-жылга «Алга муниципалдык ишканасына» суу төлөмдөрү үчүн 330,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин
13.Айыл өкмөт башчысынын резервдик фондусу 786,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
14.Спорт оюндарына 450 мин сом жана жыл ичинде майрам күндөрүнө 1710,0 мин сомөлчөмүндөбекитилсин.
15.Даркан, Жениш, Ак-Терек, Кичи-Жаргылчак, Чон-Жаргылчак айылдарындагы ички жолдорду ондоо үчүн күйүүчү майларга 2844,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
16.Айыл өкмөтүнүн экскаваторун ондоо үчүн 115,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
17.Айыл аймагындагы жолбун иттерди кыш жана күз мезгилдеринде атуу үчүн 200,0 мин сом өлчөмүндөбекитилсин.
18.Кичи-Жаргылчак айылына санжыра маданий бороборуна 1600,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
19.Ак-Терек айылына көчө жарыктарына жана көпүрөлөргө трубага 300,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
20.Жаргылчак айыл аймагындагы ирригациялык жумуштары үчүн шлюздарды ондоо, көчө жарыктарын ондоп түзөө, электр мамычаларын жанылатууга, трасформаторлорду алмаштырууга, ичүүчү таза сууга отстойник жана фильтр, каналдарга көчөлөргө турба, купканы ондоого, көчө жарыктар үчүн 12200,5 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
21.Жениш, Ак-Терек, Даркан айылдарына электромобиль муравей алууга 1000,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
22. Чон-Жаргылчак айылына асыл тукум кочкор алууга 130,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
23.Жергиликтүү бюджетке салык агенти төлөөчү киреше салыгы боюнча нормативдик чегерүүлөрдөн 100 пайыз өлчөмү айыл аймактарына калтырылгандыктан менчиктин баардык түрлөрүндөгү ишканалардан, уюмдардын пайдасынан атуулдардын кирешелеринен, юридикалык тараптардан алынуучу жер салыктардан, жерди кайра бөлүштүрүү фондусунан алынуучу ижара акыдан, жергиликтүү бюджетке чегерүүлөрдүн өлчөмү №2 тиркемеде көрсөтүлсүн
24.2024-жылдан калган карыздар 2025-жылдын бюджетинен чектелген чыгымдардын эсебинен жабылсын.
25.Айылдык бюджет боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай каражат акчасы 150,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин
26.2025-жылдын бюджетине түшкөн кирешелер биринчи кезекте корголгон беренелерди каржылоого жумушалсын.э
27. Жергиликтүү бюджетке атайын каражаттарынан келип түшкөн кирешелерди казыналыктан сырткары пайдаланууга тыюу салынсын. Казыналыктан тышкары пайдаланылган каражаттар болсо тиешелүү деңгээлде өндүрүлүп бюджетке алынышы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
28.Айыл аймактын айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган кирешелердин жана жыл ичинде болуучу чыгымдардын иш чаралары толук өз багытында, акча каражаты 300,0 сомдон жогору болсо айыл аймактын айыл кещешинин токтомунун негизинде үзгүлтүксүз түрдө ишке ашыруу ,айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
29.2025-жылга бекитилген бюджеттин чыгымдар бөлүгү жыл ичинде муктаждыктарга карата кварталдан кварталга, статьядан статьяга, классификациядан классификацияга бюджет комиссиясынын макулдугу менен айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу негизинде жылдырууга мүмкүндүк берилсин.
30. Катуу тиричилик калдыктарын чыгарууга ар бир түтүнгө100,0 (бир жүз) сомдон бекитилген тарифтин 40 (кырк) сомун жергиликтүү бюджетинин эсебинен 462,0 (төрт жүз алтымыш эки мищ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралсын.
31. Жениш айылы субсидии 200,0 мин сом, Даркан айылы субсидии 462,0 мин сом, субсидии 1000,0 сом. Баардыгы 1662,2 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
32. “Жаңы-Башат” ишканасынын ички муктаждыктарына, жайыт жолдорун оңдоого , 3 600 000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
33.Токтомдун аткарылышынын мыйзамдуулугун көзөмөлгө алуу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ургазиевге, депутаттардын экономика жана бюджет комиссиясынын төрагасы Акуш уулу Уланга, финансы экономика жана социалдык бөлүмдүн башчысы Г.Алышбаевага жүктөлсүн.
34.Токтом 2025-жылдын 3- февралынан баштап күчүнө кирсин.
Төрага Т.К.Баякунов